Маанилүү милдет. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөткөн адвокаттар үчүн колдонмо даярдалып чыгарылды

Маанилүү милдет – гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөткөн адвокаттар үчүн гендердик жана үй-бүлѳлүк зомбулуктан жапа чеккендерге мамлекет тарабынан кепилдикке алынган консультациялык-укуктук жардам берүүнүн тартиби жана ѳзгѳчѳлүктѳрүн камтыган колдонмо иштелип чыкты. Анда региондордо жайгашкан кризистик борборлордун адрестери да бар.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким жынысы, расасы, тили, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес. Кыргызстанда дискриминацияга, касташууга же зомбулукка чакыруучу гендердик артыкчылыкты пропагандалоого тыюу салынат. (КРнын Конституциясынын 16-беренеси)

Жана ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган жагдайларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен кѳрсѳтүлѳт (КРнын Конституциясынын 40-беренеси).

Басылма КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен ЕБ жана БУУнун «Теңдик нуру» Программасынын колдоосу менен басылып чыкты.

Колдонмо менен таанышыңыз:

Кыргызчасы: Гендердик жана үй-бүлѳлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам кѳрсѳткөн адвокаттар үчүн колдонмо

Орусчасы: Памятка для адвокатов, оказывающих помощь лицам, пострадавшим от гендерного и семейного насилия

Орусчасы: https://law.journalist.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*