Маанилүү милдет. Гендердик зордук-зомбулукту чагылдырган ЖМКлар үчүн колдонмо

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор ЖМК өкүлдөрүн гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда тыкан болууга чакырат.

Гендердик зомбулук темасын баяндаган ЖМК коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге буруп, маанилүү жана асыл миссияны аткарууда.

Гендердик зордук-зомбулук тууралуу сөзсүз айтуу керек.

Гендердик зомбулук маселелерин ЖМКда тең салмактап чагылдыруу анын санын кыскартууга шарт түзөт жана бул жагдайга дуушар болгондо коомчулук өзүн кантип алуусун түшүнүп билет. 

Гендердик зомбулуктун кесепеттери физикалык жактан зыян келтирүүнүн алкагынан чыгып кетет. Жабыр тарткан зордук-зомбулуктун психологиялык кесепеттери адамдын өз кадыр-баркына гана таасирин тийгизбестен, эркиндикти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бөгөттөйт.

Сенсация жана стереотиптер менен күрөшүү, фактыларды текшерүү, ченемдерди сактоо – бул ЖМКнын жогору сапатын камсыздап, жабыр тарткан тарапка кошумча зыян келтирбөөнү көздөгөн иш-чаралардын кээ бирлери болуп саналат.

КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору, ЕБ жана БУУнун “Теңдик нуру” Программасынын колдоосу менен, ЖМК өкүлдөрү үчүн “Маанилүү милдет” гендердик зомбулук темасын баяндаган эскерткичти иштеп чыгууга демилге көтөргөн.

Колдонмо менен таанышыңыз:

Колдонмонун кыргызчасы: Гендердик зордук-зомбулукту чагылдырган ЖМКлар үчүн колдонмо

Памятка на русском: Памятка для СМИ, освещающих тему гендерного насилия

Статья на русском: https://law.journalist.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*