“Гендердик сезимтал журналистика” онлайн курсун өткөндөргө белектер тапшырылды

Онлайн окуу курсу аялдарга карата терс стереотиптерди, социалдык  тоскоолдуктарды жоюуга, ошондой эле гендердик сезимтал материалдардын катарын көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Фэйсбуктун төмөнкү колдонуучулары “Гендердик сезимтал журналистика” боюнча онлайн курсун өтүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрү катары табылды: 

  1. Тумөнбай Абдинаби уулу
  2. Бахар Хакимова
  3. Орозгул Арстанова
  4. Тумар Асаналиева 
  5. Жаркын Замирбекова 
  6. Малика Нурланова
  7. Айзирек Медербекова
  8. Айдана Топчубекова 
  9. Адина Жоробекова
  10. Расул Мурат 
  11. Нурсулуу Нуркамилова
  12. Айжан Бакытбек кызы
  13. Гулиза Эрмекова
  14. Кымбат Турдубекова
  15. Амир Азимов
  16. Айнура Чойтонбаева
  17. Жаннури Калмамбетова
  18. Лев Алекс
  19. Данил Цой
  20. Бактыяр Бердибеков

Сыйлыкты тапшыруу аземи 21 октябрда Бишкек шаарында өттү. Бул сынакка катышуу үчүн, Фэйсбууктун колдонуучулары өз алдынча онлайн курстан өтүп, жыйынтыктоочу тестти тапшырып, сертификатка ээ болушкан. Сынактын шартына ылайык, Фэйсбуука сертификатын жарыялаган алгачкы 20 адам сыйлык ээлери катары таанылган. Жеңүүчүлөр 1000 сомдук китеп сатып алууга сертификаттарды же акчалай сыйлыктарды алышты.

“Журналисттердин, блогерлердин гендердик теңдик темасын сапаттуу чагылдырышы биздин жарандык коомдун өнүгүшү үчүн абдан маанилүү. Себеби гендердик теңдик сакталган жерде коомдун ар бир мүчөсүнүн өсүп өнүгүшүнө, кыялдарын, максаттарын ишке ашырып бактылуу болушуна шарт түзүлөт”  – деп КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө, балдар, гендердик саясат жана үй -бүлөлүк зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн башчысы Гульнура Мамбетисаева сыйлык тапшыруу аземи учурунда билдирди. 

“Гендердик маселени журналисттер кандай деңгээлде чагылдырса, ошого жараша элдин пикири калыптанат. Биздин журналистика байкабастан бул багытта көп катачылыктарды кетирип коюп атат. Бул онлайн курс аркылуу журналисттер гендердик-сезимтал журналистиканын негиздерин өз алдынча окуп, билим алып, сапаттуу материалдарды жаратат деп ишенебиз” – дейт “Журналисттер” коомдук биркмесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Марат Токоев. 

Жеңүүчүлөрдүн бири, Азаттык медиясынын журналисти Расул Мураттын айтымында, гендердик сезимтал журналистикага көбү анчейин маани бербегени менен материалда кайсы бир тарапты жынысына карап кемсинтип алышы толук ыктымал – “20 жылдан бери журналист болуп жүрөм баарын билем деген туура эмес. Биз билимибизди тынымсыз өнүктүрүп, гендердик сезимталдыкты биз алгач өзүбүздө калыптандыруубуз керек. Ошондо гана коомдун өнүгүшүнө салым кошкон сапаттуу материалдар жаралат”.

“Бул курстун мага эң жаккан жери онлайн болгону болду. Убактымды үнөмдөдүм. Ошол эле учурда курсту иштеп чыккандар өтө ыңгайлуу кылганга аракет кылганы көрүнүп турат. Эң керектүү маалыматтар камтылган. Тест, тапшырмалардын жардамында гендер маселелерин чагылдырууда айрым кемчиликтерди байкап, аларды ондоого мүмкүнчүлүк болду” – дейт Орозгул  Арстанова Марал FM радиосунун онлайн-контент редактору. 

Гендердик сезимтал журналистика боюнча онлайн курс 3 сабактан турат жана болжол менен 2-3 саатка эсептелген. Бардык 3 сабакты өткөндөн кийин, финалдык тестти тапшыруу сунуш кылынат. Тесттин жыйынтыгында, “Гендердик сезимтал журналистика” боюнча онлайн курсун” ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат берилет. Сертификатты курстун баракчасынан көчүрүп алууга болот. Онлайн курс “Журналисттер” коомдук бирикмесинин сайтында жайгашкан жана баардык каалоочулар үчүн ачык жана акысыз.  

Кыргыз тилиндеги онлайн курстун шилтемеси: https://journalist.kg/kg/courses/genderdik-sezimtal-zhurnalistika-boyuncha-onlajn-okuu-modulu/ 

Орус тилиндеги онлайн курстун шилтемеси: https://journalist.kg/ru/courses/obuchayushhij-onlajn-modul-po-genderno-chuvstvitelnoj-zhurnalistike/  

Гендердик сезимтал журналистика  боюнча онлайн курс журналисттер, журналистика факультетинин студенттери, блогерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн иштелип чыккан. 

Онлайн курс Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыкты.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*