АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ БОРБОРУНДА АДВОКАТ МЕЛИС ТОКТОМАТОВ МЕНЕН МАЕК

1. Сиз Акысыз юридикалык жардам борборуна кантип келип калгандыгыңыз тууралуу айтып бериңизчи?
– Мен кичинекей кезимде эле адамдарга жардам берип, мени курчап тургандардын жашоо-турмушуна пайда алып келүүнү каалап келгем. Ошол себептен улам юриспруденция адистиги боюнча билим алууну чечип, университетти аяктаган соң биздин коомчулуктун жашоо-турмушуна, биздин аймак үчүн актуалдуу болгон проблемаларды талкуулоо боюнча жаштардын жолугушууларына жигердүү катыша баштадым. Менин алган билимим мага кийин жумуш табууга, ал эми жумушум адилетсиз түрдө көңүл сыртында калган адамдардын жашоо-турмушун жакшыртууга салым кошууга жардам берди.
Бүгүнкү күндө менин кесиптик иш тажрыйбама 9 жыл толду. Бул мезгилдин ичинде мен айыл өкмөтүндө депутат болуп, жашоочулардын укуктук маселелерин чечип берүүгө жардам бердим, ошондой эле жеке юрист болуп да иштегенге жетиштим. Алсак, 2016-жылы мен жактоочунун статусун алдым, 2017-жылдын июнь айында жергиликтүү активисттердин демилгеси менен мен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Акысыз юридикалык жардам борборунун Кадамжай шаарындагы директору болуп дайындалдым.

2. Эмне үчүн сиз бекер иштеп берүүнү чечтиңиз? Элдин баары эле, айрыкча юристтер мындай кадамга бара бербейт эмеспи.
– Мен мурда эле бул борбор өзүнүн ишин аткаруу менен бардык каалоочуларга алгачкы укуктук консультацияны акысыз негизде берет деген маалымат алгам. Бирок мен капа болгон жокмун, анткени бул борбордо иштегенге чейин эле көп учурда адамдарга жардам берип, аларга акысыз эле консультация берип келгем. Ошондуктан мен утулган жокмун деп ойлойм. Борбордогу жактоочулар кардарларга кошумча жактоочулук кызмат көрсөтүүлөр керек болгон учурда ал үчүн акча алышат.

3. Өлкөбүздүн тургундары укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлорго көп кайрылбастан, туугандары же тааныштары менен кеңешип алууну туура көрүшөт эмеспи, бул чындыгында ушундайбы?
– Ооба, тилекке каршы, ушундай көйгөй бар. Бирок мен адамдар өздөрүнүн укуктук маселелерин чечүүнү каалабайт деп айтпайм, бул ушундай чечүү мүмкүнчүлүгү жетишсиздигинен улам болуп жатат деп ойлойм. Мисалга алсак, укук коргоо органдарынын, адвокаттык кабинеттердин имараттары жана башка мекемелер райондук борборлордо жайгашкан, ушундан улам алыскы айылдарда жашаган элдин Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарына консультация алууга келиши үчүн каражаттары жок.
Бирок Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, USAID жана ПРООН сыяктуу эл аралык уюмдардын күч-аракеттеринин натыйжасында бул көйгөй чечилүүдө, жергиликтүү калк түрдүү булактардан ушундай борборлор бар экендигин билип калды. Жашоочулар Акысыз юридикалык жардам борборлорунда бекер консультацияны оңой эле ала баштады. Белгилей кетүү керек, бир күндө бизге болжол менен 40-60 адам консультация сурап кайрылат.

4. Сиздин аймактын жашоочулары көп учурда кандай көйгөйлөргө туш болот жана сиз иштеп жаткан борбор ага туура чечимди табууга канчалык деңгээлде жардам берет?
– Биздин коомчулуктун тынчын алып, анын чечилишин талап кылган укуктук көйгөйлөр абдан көп. Алардын ичинен негизгилерин айта кетсек, биздин борборго жер көйгөйлөрү, карызды өндүрүү, үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине туш болгон адамдар көп кайрылышат.
Биз өз кезегинде аларга жардам берүүгө аракет кылабыз, биздин ыйгарым укуктарыбызга кирген бардык иш-аракеттерди жасайбыз, кандай документтерди топтоп, кайда кайрылуу керектигин жана башкаларды айтып, көйгөйдү чечүүнүн эң эле натыйжалуу жолун түшүндүрүп беребиз. Кардарга экинчи жолку консультация керек болсо, биз ага жардам берүүгө дайым даярбыз.

5. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) деген эмне?
– Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам – мамлекеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү консультациялык-укуктук жана квалификациялык юридикалык жардам.

6. Мен өзүмдүн балама социалдык жөлөкпул алышым керек дейли, сиздердин борборго келип, мен ушул көйгөйдү чече аламбы?
– Акысыз юридикалык жардам борборлору Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында иш күндөрү саат 9:00-18:00гө чейинки графикке ылайык иштейт. Сиз өзүңүзгө жакын болгон борборго кайрылсаңыз болот. Мыйзамга ылайык сиздин кандай укуктарыңыз бар, кандай документтерди топтоо керек, кайсы конкреттүү мамлекеттик орган жана кайсы мөөнөттө сиздин көйгөйүңүздү чечип бериши керектигин сизге айтып беришет. Мындай маселелер менен кайрылгандар көп, алардын көпчүлүгү алгачкы консультация алгандан кийин ыраазы болуп кетишет.

7. Биздин өлкөбүздүн укуктук көйгөйлөргө туш болгон жашоочуларына кандай сунуштамаларды берүү керек деп эсептейсиз?
– Биздин өлкөбүздүн көпчүлүк тургундары өздөрүнүн укуктары бузулгандыгын көрүп-билип туруп, ага көздөрүн жумуп коюшат. Мен мындай адамдарга кеңешимди берер элем, мыйзам бузууларга жол бербестен, өзүңүздөрдүн укугуңуздарды билип, аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык коргоп жана далилдеш керек.

17-май, 2018-ж.
https://www.super.kg/article/show/44513

2 Comments

  1. Саламатсызбы мен сизге суроом менин досум куйосу кордук коргозуп келет Эми ажырашайын деп жатышат 2квартирасы бар аялдын атында кантип аял укугун коргойт нике куболугу жок 3баласы бар мага кенишиниз керек

  2. Саламатсыздарбы биз сиздерден кенеш сурайлы дегенбиз. Биздин бир тууганыбыз машинасы менен жаш баланы уруп кеткен, бала ошол жерде каза болгон. Светофордо токтоп турган бирок бала чуркап светофорго карабай откон, айдоочу светофордон откондон кийин байкаган, качып кетбеген, тушуп баланын устун жаап андан сон тез жардамга кабар берген. Баланын ата-энеси тосмо арыз жазып бербей жатышат уй алып бересинер деп, эми кандай болот. Рахмат

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*