Квалификациялуу юридикалык жардам

МАМЛЕКЕТ КЕПИЛДЕГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ (МКЮЖ) – жеке адамдарга мамлекеттин эсебинен көрсөтүлүүчү юридикалык жардам

Квалификациялуу юридикалык жардамды Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам  (МКЮЖ) реестрине киргизилген адвокаттар көрсөтөт. Мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу МКЮЖ Координациялоо борборуна (http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-aid/where-to-get ) кайрылуу керек.

Квалификациялуу юридикалык жардам жазык иштери, жарандык жана административдик иштер боюнча да көрсөтүлөт.

Жылдык кирешеси мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын 60ка тете өлчөмүнөн ашпаган жарандар квалификациялуу жардам алууга укуктуу. Мыйзамда жылдык кирешеси эске алынбастан квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлүүчү адамдардын категориясы дагы каралган. 

Адвокаттар Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын иш сапатынын стандарттарын сактоого милдеттүү. 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*