“Кризистик борборлордо адвокаттын кызматы анын кесипкөйлүгү чоң роль ойнойт”

Кыргызстанда зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү максатында ачылган кризистик борборлор атайын ассоциацияга бириккен. Ал ассоциациянын директору Толкун Тюлекова кризистик борборлордо адвокаттын кызматы анын кесипкөйлүгү чоң роль ойноорун айтат. 2019-жылы биздин уюмду Мамлекет кепилдеген юридикалык  жардамды өнүктүрүү боюнча Кординациялык кеңеш иштешүүгө чакырган. Алгач, кеңешменин чогулушуна катышканбыз. Анан бирге иштешип калдык.

Эмне үчүн чогуу иштешип калдык? Анткени, Кризистик борборлор ассоциациясы зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдарга практикалык жардам көрсөткөн 14 уюмду бириктирет. Алардын баары облустарда жайгашкан. Биз үй-бүлөлүк зомбулуктан, жыныстык кылмыштардан, эрте никеден, адам сатуудан, никеге туруу үчун адамды уурдоодон жабыркаган аялдарга жардам берип жатабыз. Көбүнчө аялдар басымдуулук кылат, кайрылган эркектер дагы бар. 

  Зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдар менен иштөө методологиясы боюнча окуудан өткөн психологдор бар. Кризистик борборлор бекер жардам көрсөтүшөт. Мисалы, пандемия учурунда дагы зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдарга бекер онлайн консультация берип жаттык. Кесиптештерибиз жети облус боюнча 2500дөн ашуун жаранга консультациялык жардам көрсөттү. Үй-бүлөлүк зомбулук аябай күчөп кеткенде, ошол тармакка көбүрөөк көңул буруп, 112, 111, 103 кызматтары менен тыгыз иштештик. Зомбулукка кабылган аялдардын коопсуз жайда болуусу үчүн Бишкекте убактылуу калкалоочу жай ача алдык. 

Ушул иштин баарында квалификациялуу адвокаттын кызматы талап кылынат жана адвокаттын кесипкөйлүгү чоң роль ойнойт. Адвокаттар аларга сотко чейинки мезгилде, сотто дагы жардам көрсөтүшөт. Соттук-медициналык экспертиза дагы коштоп барат. Башкача айтканда, зордук-зомбулукка кабылган аялдар үчүн, бул – толук комплексттүү жардам. Юристтер бир гана гендердик кылмыштар боюнча эмес, жарандык процесстер боюнча дагы жардам көрсөтүшөт. Мисалы, ажырашуууда алимент кестирип алууда, баланын жашаган жерин аныктоодо.

Андыктан, бизге Мамлекет кепилдеген юридикалык  жардамды өнүктүрүү боюнча кординациялык кеңеш менен иштешүү абдан маанилүү. 

Эгерде зордук-зомбулуктап жабыркап, кайда кайрылууну билбей жаткандар болсо, же зомбулукка күбө болгондор төмөндөгү номерлер боюнча кайрыла алышат: 0709710320

***

БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору Мамлекет кепилдеген юридикалык  жардам системасын өнүктүрүүгө жигердүү салымын кошуп, Кординациялык кеңештин ишин алдыга жылдыруу боюнча иш чараларды колдоого алып келет.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*