Алименттик милдеттенмелер

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨ КОДЕКСИ

 85-статья. Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери

  1. Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат.
  2. Эгерде ата-энеси (экөөнүн бири) өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга каражат бербеген учурда, аларды багуу үчүн каражат (алимент) баланын атынан, ата-энесинин биринен сотко берилген доонун, же болбосо алардын ата-энесинен (экөөнүн биринен) жашы жетпеген балдарына алимент өндүрүп алуу тууралуу доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн доосунун негизинде ата-энелеринен (экөөнүн биринен) сот тартибинде өндүрүп алынат.

 85-статья. Билим берүү уюмдарында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдардын алиментке укугу

  1. Алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу болбосо, академиялык отпускада болгон мезгилди кошпогондо, алар окууну аяктаганга чейин сот уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында күндүзгү формада акы төлөөнүн негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон өз балдарын багууга ата-энелерди милдеттендирүүгө укуктуу.
  2. Билим берүү уюмдарынын күндүзгү формасында акы төлөө негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон балдарга алименттин өлчөмү сот тарабынан уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында окутууга төлөнүүчү нарктын элүү пайызынын өлчөмүндө аныкталат.

 90-статья. Эмгекке жөндөмсүз жашы жетпеген балдардын алимент алуу укугу

  1. Ата-эне өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж болгон эрезеге жеткен балдарына каралашууга милдеттүү.
  2. Алимент төлөп берүү тууралу макулдашуу болбогондо эмгекке жөндөмсүз эрезеге жеткен балдарга ай сайын төлөнүүчү алименттердин өлчөмү тараптардын таламдарынан келип чыккан материалдык жана үй-бүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жүйөлүү жагдайларын эске алуу менен сот тарабынан туруктуу акчалай суммада аныкталат.

92-статья. Ата-энесине каралашуу боюнча бойго жеткен балдардын милдеттери 

  1. Эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга жана аларга кам көрүүгө милдеттүү.
  2. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болгондо жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз ата-энеге бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү балдарынан алимент сот тартибинде өндүрүлүп берилет.
  3. Ар бир баладан өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ата-энесинин жана балдарынын материалдык жана үй-бүлөлүк абалына жана тараптардын көңүлгө алынуучу таламдарынан келип чыккан ай сайын төлөнүп турууга тийиш болгон туруктуу акчанын суммасы сот тарабынан аныкталат.
  4. Алименттердин өлчөмүн аныктаганда сот ошол ата-эненин эмгекке жөндөмдүү, бойго жеткен балдарынын баарын, бардык балдарына, алардын ичинен бирөөнө же алардын бир нечесине карата коюлган талапка карабастан, эске алууга укуктуу.
  5. Эгерде ата-энесинин ата-энелик милдеттеринен баш тарткандыгы сот тарабынан аныкталса, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өз ата-энесин багуу милдетинен балдары бошотулушу мүмкүн.

Ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелерге балдары алимент төлөөдөн бошотулат.

94-статья. Жубайлардын өз ара каралашуусу боюнча милдеттенмелери

  1. Жубайлар бири-бирин материалдык жактан колдоого милдеттүү.
  2. Мындай колдоо көрсөтүүдөн баш тарткан жана алимент төлөө жөнүндө жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгон учурда бул үчүн тиешелүү каражаты бар башка жубайынан сот тартибинде алимент талап кылуу укугуна төмөндөгүлөр ээ:
  • эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон жубайы;
  • кош бойлуу кезинде аялы;
  • ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган жубайы;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ортодогу баланы ал он сегиз жашка чыкканга чейин багып-караган же бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналуучу ортодогу баланы багып-караган, жардамга муктаж жубайы.

95-статья. Нике бузулгандан кийин мурдагы жубайынын алимент алуу укугу

  1. Бул үчүн тиешелүү каражаты бар мурдагы жубайынан сот тартибинде алимент талап кылуу укугуна төмөндөгүлөр ээ:
  • кош бойлуу кезинде мурдагы аялы;
  • ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган мурдагы жубайы;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ортодогу баланы ал он сегиз жашка чыкканга чейин багып-караган же бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналуучу ортодогу баланы багып-караган, жардамга муктаж мурдагы жубайы;
  • нике бузулганга чейин эле же нике бузулгандан кийин бир жылдын ичинде эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон мурдагы жубайы;
  • эгерде жубайлар узак мезгил бою никеде турушса, нике бузулган учурдан тартып беш жылга чейин пенсиялык куракка жеткен жардамга муктаж жубайы.
  1. Нике бузулгандан кийин мурдагы жубайына алимент берүүнүн өлчөмү жана тартиби мурдагы жубайлардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталышы мүмкүн.

98-статья. Өзүнүн жашы жетпеген жана эмгекке жөндөмсүз бойго жеткен ага-инилерине, карындаштарына жана эже-сиңдилерине каралашуу боюнча ага-инилеринин, карындаштарынын жана эже-сиңдилеринин милдеттери

 Жардамга муктаж болгон жашы жетпеген ага-инилер, карындаштар жана эже-сиңдилер өзүнүн ата-энесинен жардам алууга мүмкүн болбой калган учурда сот тартибинде бул үчүн жетиштүү каражаты бар өзүнүн эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен ага-инилеринен, карындаштарынан жана эже-сиңдилеринен алимент алууга укуктуу. Эгерде алар өзүлөрүнүн эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдарынан, жубайынан (мурдагы жубайынан) же ата-энесинен жардам алалбаса, ушундай эле укук бойго жеткен жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз ага-инилерине, карындаштарына жана эже-сиңдилерине да берилет.

99-статья. Неберелерине каралашуу боюнча чоң ата, чоң эне, таята, таяненин милдеттери

 Жардамга муктаж болгон жашы жетпеген неберелер өздөрүнүн ата-энесинен жардам алууга мүмкүн болбой калган учурда сот тартибинде бул үчүн жетиштүү каражаттары бар өздөрүнүн чоң ата, чоң эне, таята, таянесинен алимент алууга укуктуу. Эгерде алар өзүнүн жубайынан (мурдагы жубайынан) же ата-энесинен жардам алалбаса, ушундай эле укук, бойго жеткен эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон неберелерге да берилет.

100-статья. Неберелердин чоң ата, чоң эне, таята, таянесин багуу милдеттери

 Жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз чоң ата, чоң эне, таята, таяненин өзүнүн бойго жеткен жана эмгекке жөндөмдүү балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алууга мүмкүн болбой калган учурда, сот тартибинде бул үчүн жетиштүү каражаттары бар эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен өзүнүн неберелеринен алимент талап кылууга укуктуу.

101-статья. Тарбиялануучулардын өзүнүн чыныгы тарбиячыларына каралашуу милдети

  1. Эгерде алар өздөрүнүн бойго жеткен эмгекке жөндөмсүз балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алалбаса, жашы жетпеген балдарга чыныгы тарбия берип жана баккан, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз адамдар өзүнүн бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү тарбиялануучуларынан сот тартибинде жардам талап кылууга укуктуу.
  2. Эгерде тарбиячылар аларды беш жылдан азыраак бакса жана тарбияласа, ошондой эле алар эгерде өзүнүн тарбиялануучуларын тийиштүү деңгээлде багып жана тарбия бералбаса, сот алардын чыныгы тарбиячысын багуу милдетинен бошотууга укуктуу.
  3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган милдеттер камкорчунун (көзөмөлчүнүн) кароосунда турган адамга же багып алган үй-бүлөдө тарбияланып жаткан адамга жүктөлбөйт.

102-статья. Өгөй атасы менен өгөй энесин багуу боюнча өгөй уулунун жана өгөй кызынын милдеттери

  1. Эгерде алар өздөрүнүн бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алалбаса, өзүнүн өгөй уулун же өгөй кызын тарбиялаган жана баккан, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өгөй ата менен өгөй эне сот тартибинде бул үчүн тиешелүү каражаттары бар эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен өгөй уулунан же өгөй кызынан жардам алууну талап кылууга укуктуу.
  2. Эгерде өгөй ата менен өгөй эне өгөй уулу менен өгөй кызын беш жылдан азыраак тарбиялап жана бакса, ошондой эле өгөй уулу менен өгөй кызына тийиштүү тарбия берип, багуу жагынан өздөрүнүн милдеттерин аткарышпаса, сот өгөй атаны же өгөй энени багуу милдетинен өгөй уулун жана өгөй кызын бошотууга укуктуу.

Алимент тууралуу кененирээк бул ссылкада:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/1327/220?cl=ky-kg&mode=tekst

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*