Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады

Иш-чараны “Марафондор дирекциясы” коомдук фонду бир нече министрликтер, Бишкек мэриясы жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөргөн.

Борбор калаада ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Иш-чараны “Марафондор дирекциясы” бир нече министрликтер, Бишкек мэриясы жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөргөн.

Жарым марафонго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар, эркектер болуп өзүнчө, атайын коляскада отуруп, коштоочулардын жардамы менен жүргөндөр жана чуркоону каалагандар өзүнчө категория менен катышкан.

Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылган.Жарым марафонго саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлү катышкан.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков мурдараак бул иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, коляскада отурган 100 адамдын катышарын айткан.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*