Ата-энелик укуктардан ажыратуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨ КОДЕКСИ 

74-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуу

 Ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:

  • ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
  • жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
  • ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
  • балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
  • аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
  • өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
  • жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;
  • бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса.

75-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуунун тартиби

  1. Ата-энелик укуктардан ажыратуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштер ата-эненин биринин (аларды алмаштыруучу адамдардын), прокурордун арызы, ошондой эле жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн органдардын же мекемелердин (балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн, балдардын иштери боюнча комиссиялардын, жетим балдар жана ата-энеси карабай кеткен балдар мекемелеринин ж.б.) арызы боюнча каралат.

  1. Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндөгү иштер милдеттүү түрдө прокурордун жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн катышуусу менен каралат.
  2. Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштерди караганда сот ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-энеден (экөөнүн биринен) алиментти өндүрүү тууралу маселени чечет.
  3. Эгерде сот ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштерди караганда ата-эненин (экөөнүн биринин) иш-аракетинен жазалана турган жазык жосунунун белгилерин байкаса, бул тууралу прокурорго кабарлоого милдеттүү.
  4. Соттун ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун ушул чечиминин көчүрмөсүн баланын туулганы мамлекеттик каттоодон өткөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу орган менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөргө жиберүүгө милдеттүү.

76-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуунун кесепеттери

  1. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эне баласына карата тууганчылык фактыга негизделген бардык ата-энелик укуктарын, анын ичинде андан каражат алуу укугун (ушул Кодекстин 92-статьясы), ошондой эле балдары бар жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерди жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу укуктарын да жоготот.
  2. Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт.
  3. Ата-энелик укуктарынан ажыраган баланын ата-энеси (экөөнүн бири) менен андан ары чогуу жашоо маселеси турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан чечилет.
  4. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин (экөөнүн биринин) баласы турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун сактайт, ошондой эле ата-энеге жана башка туугандарына тууган болууга негизделген мүлк укугун, анын ичинде мураскорлук укугун сактап калат.
  5. Баланы башка ата-энеге берүү мүмкүн болбогондо же ата-энесинин экөө тең ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда анын мүлкү менен турак жай аянты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берилет.
  6. Ата-энеси (экөөнүн бири) ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда баланы асырап алууга ата-энени (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун чечими чыккан күндөн тартып кеминде алты ай өткөндөн кийин жол берилет.

77-статья. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү

  1. Эгерде ата-энеси жүрүм-турумун, жашоо ыңгайын жана (же) балага тарбия берүү мамилесин өзгөртүшсө, алардын (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн.
  2. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин берген арызы боюнча сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө иштер балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн, ошондой эле прокурордун катышуусу менен каралат.
  3. Ата-эненин (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө арызы менен бирге баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) кайтарып берүү тууралу талап каралышы мүмкүн.
  4. Эгерде ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү баланын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, сот баланын ой-пикирин эсепке алуу менен, ата-эненин (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө доосун канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

Он жашка чыккан балага карата ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү, анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана болушу мүмкүн.

Эгерде бала асырап алынган болсо жана асырап алуу жокко чыгарылбаса, ата-энелик укуктарды калыбына келтирүүгө жол берилбейт.

78-статья. Ата-энелик укуктарга чек коюу

  1. Баланын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен, сот ата-энени ата-энелик укуктарын чектөө жөнүндө чечим чыгара алат.
  2. Эгерде баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) калтыруу ата-эненин (экөөнүн биринин) өзүнө көз каранды болбогон жагдайлардан (психикасынын бузулушу же дагы башка өнөкөт оорулар, оор жагдайларга туш келиши ж.б.) улам балага коркунучтуу болсо, ата-энелик укуктарга чек коюуга жол берилет.

Эгерде баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) калтыруу алардын жүрүм-турумунан улам балага коркунучтуу болсо, бирок ата-энелерин (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратууга жетишээрлик негиздер аныкталбаган учурларда ата-энелик укуктарга чек коюуга жол берилет. Эгерде ата-энеси (экөөнүн бири) өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртпөсө, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ата-энелик укуктарына чек коюлсун деген сот чечим чыгаргандан кийин алты ай өткөрүп ата-энелик укуктарынан ажыратуу тууралу доо коюуга милдеттүү. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын кызыкчылыгын көздөө менен, ушул мөөнөт аяктаганга чейин ата-энесин (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга укуктуу.

  1. Ата-энелик укуктарын чектөө жөнүндө доо баланын жакын туугандары, мыйзам менен жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоо милдеттери жүктөлгөн органдар менен мекемелер (ушул Кодекстин 75-статьясынын 1-пункту), билим берүүчү дагы башка мекемелер, ошондой эле прокурор тарабынан коюлушу мүмкүн.
  2. Ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө иштер прокурордун жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн катышуусу менен каралат.
  3. Ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндөгү иштерди караганда сот ата-энесинен (экөөнүн биринен) балага алимент өндүрүп берүү тууралу маселени чечет.
  4. Сот ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун ушундай чечиминин көчүрмөсүн баланын туулганын мамлекеттик каттоодон өткөргөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмгө жиберет.

79-статья. Ата-энелик укуктарга чек коюунун натыйжалары

  1. Ата-энелик укуктарына сот тарабынан чек коюлган ата-эне баланы жеке тарбиялоого болгон укугун, балалуу жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерге жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алууга болгон укугун жоготот.
  2. Ата-энелик укуктарга чек коюу ата-эненин балага каралашуу милдетинен бошотпойт.
  3. Ата-энелик укуктары чектелген ата-эненин (экөөнүн биринин) баласы турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун сактап калат, ошондой эле ата-энесине жана башка туугандарына тууган болууга негизделген мүлк укугун, анын ичинде мураскорлук укугун сактайт.
  4. Ата-энесинин экөөсүнүн тең ата-энелик укуктары чектелген учурда бала, анын мүлкү менен турак жай аянты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берилет.

80-статья. Ата-энелик укуктарына сот тарабынан чектөө коюлган ата-энелери менен баланын байланышы

Эгерде бул балага тетири таасир тийгизбесе, ата-энелик укуктарына сот тарабынан чектөө коюлган ата-энеге бала менен катташууга уруксат берилет. Ата-энелердин бала менен байланышына балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн макулдугу менен же камкорчунун (көзөмөлчүнүн), баланы асырап алган ата-эненин, болбосо бала турган мекеменин администрациясынын макулдугу менен жол берилет.

81-статья. Ата-энелик укуктарга чек коюуну жокко чыгаруу

  1. Эгерде ата-энени (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан чектеген негиздер жоюлса, сот ата-энесинин (экөөнүн биринин) койгон доосу боюнча баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) кайтарып берүү жана ушул Кодекстин 79-статьясында каралган чектөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алат.
  2. Эгерде баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) кайтарып берүү анын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, сот баланын ой-пикирин эске алуу менен доону канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

Алимент тууралуу кененирээк бул ссылкада:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/1327/220?cl=ky-kg&mode=tekst

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*