Дегеле, кыргыз аялдарына баа берем. Туш тарабыңды кара: базарда, курулушта, талаа жумуштарында, мамлекеттик кызматтарда, социалдык кызматтарда бардык жерде аялдар жүрөт. Кичине ороюраак айтсак митингдерде да, ызы-чуунун арасында да алар бар. Ызы-чууга алардын кээ бирлери жыргаганынан, эриккенинен барган жок, уйүндө тамаксыз отурган балдарына бир күндүк болсо да тамак-аш таап келүүгө баргандыр, а кээси чындап күйгөнүнөн, балким, ушуну бийлик угуп турмуш оңолуп кетээр бекен таризде барды бекен деп да ойлоп коем. Дүйнө жүзүндө кыргыздын кызы барбаган жер деле жок калды окшойт, алардын кээлери билим издеп, кээлери куураган турмуштун айынан жер кезип ит көрбөгөн кордуктарды да көрүп жүрүшкөнүн угуп, окуп жүрөбүз.
Кыргыз кызы же аялы эч качан тумчулана чүмкөнүп эркектерден качкан эмес, керек болсо үйүндө эркек жок болсо беш көкүл чачтын үстүндө үкүсүн үлпүлдөтүп атын алкынтып келген жолоочунун алдынан чыгып атын алган, кыз куумайга тушкөн, союз убагында алдынкы чабан, саанчылардан болушкан.
Кандай ойлонсок да, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө эркек менен аял орун алмашып калгандай. Куйөөлөрү балдарды карап, тамак жасап кечке үйдө, а аялы бечара базарда… Муну менен айтайын дегеним, көпчүлүк аялдар үй-бүлөө түйшүгүн бүт өз моюндарына алып алышкан. Көпчүлүгү айыл жеринен шаарга келип иштеп жүрүшөт. Менин таанышым Элиза ошентип шаарга келген. Күйөөсү огород-жайын карайт, кайын энеси кичинекей эки уулун карайт, өзү деле ден соолугу “шалдырап” калган же келин эмес, же кемпир эмес 60тан жаны ашкан немеге биринин эс-акылы кире элек, бири там-туң баскан наристелерди кароо жеңил туйшук эмес, бирок да, келининин жок дегенде кредитти “жаап” анан анча-мынча тамак-ашка салган акчасына ыраазы. Келини тигүү цехинде иштеп баштаган, “мезгил деген зымырык куш” деп бекер айтылбагандай эле ал ортодо 7 жыл өтүп кетиптир. Элдикинен да жапызыраак 2 бөлмөлүү үйдүн короосуна чоң сарайча салып Элиза күйөөсү Кубан экөө тигүү цехин ачып өздөрүнүн эле жашоосун оңдомок тургай ушу күндө 25 келинди да жумуш менен камсыз кылышып элдин алкышына татып турган кези экен. Күйөөсу Кубан да азыр огород жайына бирөөлөрдү иштетип, өзү аялынын оорун колдон, жеңилин жерден алып жармакташып иштеп жатышат. “Аял үйдүн куту”, “Эрди эр кылган да аял, жер кылган да аял” деген ушу тура деп кайненеси да көңүлү жай, төкөрөңдөгөн буту да оңолуп калгандай короодо ары-бери басат.
Алар көлдөн өздөрү деле келишпейт, болгону жумасына бир жолу каттагандардан тигилген көйнөктөрдү берип жиберишет, а шаардан рулон-рулон кездемелерди жолдон тосуп алабыз дешет.
Качан гана аял киши түгөйүн сүрөп, колдон-буттан алганда иш илгери жылат тура. Илгеркилер “Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы хан жакшы” деп бекеринен айтпаган чыгаар.
Жаш балдары бар келиндерге да жакшы болуптур, кошунаныкында эле кирип-чыгып иш менен камсыз болушуп бардыгынын көңүлү жай. Мына, биздин кыргыз аялдарынын колунан келбеген эч нерсе жок. Тагдырын кошкон адамы менен түйшүктү кошо тартышып, кээлери жалгыз тартып бирөөгө көз каранды болгусу келбей “өз арабасын” сүйрөп кетүүдө алдына башкаларды салбаган кыргыз кызы, кыргыз аялынын дараметин сүрөттөп бүтө албайсың.
Дариха Мамбетова. Блогер
Leave a Reply