Азыр эл кыйналып жатат, элдин жашоосу оорлоп кетти эле дейбиз. Кымбатчылык го бизде эле эмес бүтүндөй дүйнө жүзүндө болуп жатат, элге бүлүк салып, кыргын тийгендей жакындарынан айрылбаган «боору бүтүн башы эсен» эч ким деле калбады окшойт.Бул оору баарыбызды чүнчүтүп, бири-бирибиздин баркыбызды баалап, ден соолуктун кадырын, биртуугандын, а түгүл ээн-эркин киришип-чыгышып туруучу кошунанын да кадырын билүүгө тарбиялап кетти окшойт дешет айылдагы жеңелерим, келиндерим менен баарлашып калганда. Алардын баары эле эч бир тынч ала албай, ар ким өз түйшүгү менен алпурушуп шашылып турганын байкайсың.
Былтыркы түшүмүн же сата албай, же алыс-жакындагылар катташа албай бир топ түйшөлүп калганын айтышат. Эми быйыл жакшы болот го деп турсак жаздан бери бир тамчы жаан жаабай кургакчылык курутту, суу да тартыш дешет.
Шаардын ысыгынан качып айыл жеринде көпкө жүрүп келдим. Айыл ичинде деле тың жашагандар, кыйналгандар кадимкидей эле оркоюп көрүнүп тургансыйт. Кыйналгандарды байкасаң огородун чөп басып, «өзү эле эптеп» өсүп, түшүм бере турган алма, өрүгү, карагаты отоо чөпкө басылып, эч кандай көзөмөлгө алынбаса да эптеп майда болсо да түшүм байлап турганын көрсө болот. Ал эми короо-жайы тың, көргөндө эле көзүң кубанган үйлөрдүн огороддору да сеңселип, алмалары ийиле түшүм байлаган. Алманын түшүмүнө чейин эле чесногу, карагат, малиналарынын түшүмү менен тың-тарс оокат кылышат экен. Мындай үй-бүлөлөрдүн турмуш-жайы кожойкелеринин жүзү экенин да байкадым.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында ушундай эмгекчил айымдардын бири Раева Перизат Карыбековна менен баарлашып калдым. Ал Караколдогу «Белая река» фирмасы менен келишимдин негизинде иштейт. Жолдошу Бакыт машинасын айдап, экөө таңкы саат 6дан баштап айыл аралап сүт жыйнашат экен. Сүттү Кызыл-Сууга жеткирип саат 10-11де үйгө келебиз да үйдөгү жумуштарга киришебиз, дейт Перизат айым. Үлүш жерибизге айдаган өсүмдүктөрдү чогуу сугарабыз, отойбуз, Бакыт экөөбуз бири-бирибизге жөлөк болуп дайыма чогуу кыймылдайбыз. Дайыма эле талаада эмеспиз да, бош убактымда, анан кышкысын «Көрк» фирмасы менен да иштешем. Теңтуш келиндер менен таза кийизден оюнчуктарды да тигебиз, алар кийизди алып келип беришет, өзүбүз бычып, тигип кайра ар бирин 80 сомдон тапшырабыз, канча тиксек ошого жараша акчасын алабыз. Айыл жерине керектүү алтыгаттарды (жер төшөктөрдү) курайбыз, аны деле керектелүүчү материалдарды алып келип беришет, даяр болгондо өздөрү алып кетишет, биз үчүн абдан эле ыңгайлуу. Азыр тынч олтурчу мезгилибиз эмес, балдардын алды студент болуп калды, кичүүсү 4 жашта, аларга да көңүл буруу керек. Айрыкча эне өз милдетин аткарып балдарга көбүрөөк көңүл буруу керек экен.
Ара-чолодо короодогу карагаттарды терип, дагы элден да жыйнап өткөрөбүз, буга балдар да жардамдашат, бир жагынан эмгектенүүгө үйрөнүшөт экен.
Күз келгенде карагаттарды бутап, кесип ирээтке келтиребиз, анан аларды отургузуп, тамыр алганча отоого алдырбай жакшылап карап, бир жай багып кайра сатабыз, мындан да жакшы киреше тапса болот. «Колу кыймылдагандын оозу кыймылдайт» дегендей эриш-аркак болуп ушинтип эл арасында турмушубуз өтүп жатат дейт мээнеткеч келин. Мен жогоруда айткандай үйүнүн сыртынан эле мелтиреген короо-жайы, бажырайган гүлдөрү дароо көзгө урунат. Булар да эмгекти талап кылган жумуштар да, ушунун баары 40 жаштагы Перизат айымдын эмгегинин үзүрү экенин баамдоого болот. Ал Караколдогу К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен экономист-бухгалтер адистиги боюнча билим алган, тилекке каршы өз адистиги боюнча иштей алган эмес.
Ушундай эмгекчил үй-бүлөдө турмуш жагдайы да, балдары да өз ордун билип бардык тарабынан шайма-шай болуп тургансыйт. Негизи эле көпчүлүк учурда «арабаны» тарткан аялзаты экенин моюнга алууга аргасыз болосуң.
Дариха Мамбетова. Блогер
Leave a Reply