РАХМАТ САГА, ЖЕҢЕ! (Блогерлер арасындагы “Ийгиликтүү айылдык айым” сынагы)

Кыргыз эли аялзатын сыйлаган. Аял менен эркек тириликтин арабасын бирдей тарткан. Аял атка мингенде өзүн эркектей алып жүрүшкөн, мал-салга, отун-сууга чыкканга, кокустан жоо келсе балдарын алып качууга даяр турушкан, жайчылыкта жашаган үйлөрүнүн (боз үйдүн) ичи-сыртын саймалап жасалгалап, жүн менен териден кышында жылуу, жайында салкын үй буюмдарын жасашкан, кийим-кечелерди тигишкен. Ар бир аял колунан көөр төгүлгөн уз болгон. Кыргыз аялзаты үйгө кирип келин, эшикке чыгып эркек болгон.

Кыргыз улуттук салтында аялды сыйлап, даражасын бийик койгонун “вазир жакшы, хан жакшы, аял жакшы, эр жакшы”, “аял үйдүн куту” деген макалдардан байкайбыз. Бала тарбиялоодогу эненин оюп алар ордун мындай макалдар далилдейт: “Атасы жаман алда-жалда, энеси жаман эзели онолбойт”, “Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал”, Ата көргөн — ок жонот, эне көргөн — тон бычат”. Аялды кор туткан бүлө же уруу онолбойт, үйүндө же уруусунда ырысы кем болот, иши жүрбөйт, аял бактысыз болсо бүлө дагы, уруу дагы бактысыз болот. Бул эки жерде эки төрт дегендей чындык болгон. Курманжан датка энебизди эскереличи. Датка энебиз келин кезинде күйөөсүн чанып ажырашып кеткен, көңүлү менен Алымбек даткага турмушка чыккан. Алымбек датка менен тизгиндеш мамлекет башкаруу ишине аралашкан. Ошол эле учурда төрөп түшүп, уул-кыздарын эл керегине жараган бычакка сап азамат кылып өстүргөн. Кыргызда гендердик маселе болгон эмес.

Ушул жерден мен өзүмдүн Үмүт деген женем тууралуу айтып бергим келип турат. Жеңем күйөөсү Таалай экөө классташ. Таалай 42 жашында , мындан 11 жыл мурда жол кырсыгынан каза болгон. Жеңем эресеге жете элек 3 эркек баласы менен калды. Азыр Үмүттү эшикке чыкса эркек, үйгө кирсе аял десек жарашат. Анда жеңемдин боюна сыйган адамдык касиеттерин сыпаттап берейин. Жеңем чакан ишкер. Жайкы алма-өрүктүн, карагат менен кайналынын бышкан кезинде жыл сайын фуралап чет жерге сатыкка даярдайт. Машинаны биринен сала бирин толтуруп жөнөтүп турат. Өнөктөрү менен кезектешип, Москвага, Уфага, Карагандыга барып сатканга да туруп келет. Башка мезгилде тери ашатып көлдөлөн жасайт, кийим бычып тигет, өзүнө, балдарына, синдилерине, энесине чыптама, халат, көйнөктөрдү койкойтуп тигет. Үйүндө такай 1-2 уй кармап саайт, баллдарына каймак, сүт-айранды кенен кармайт. Короосуна 3-4 кой семиртип багып турат, эттен өксү болушпайт. Тамакты да жоктон бар кылып даамдуу жасайт. Мейман күткөндө жасаган салаттары менен тамактарын анча-мынча хозяйкалар билбейт.

Маңдай тери менен Бишкектен эаманбап квартира сатып алган. Айылдагы үйүн кенен-чонон салып, шаардагыдай бардык шарттары бар үйдө турат.Эшиктин алды-артын гүлдөтүп чырмалган роза гүлүнө ороп койгон.

3 баласын өстүрүп эресеге жеткирди. Ал тууралуу да айтам, азыр ишкердигин бүтө элекмин. Жеңемди айланчыктап айылдык келин-кесек, боз уландар да акыга иштешет. Алма үзүү, сорттоо, тангактоо иштерине иш мезгили башталганда кеминде 30-40 адам жайы менен иштейт. Аларга түшкү тамакты жасап берген 3-4 ашпозчусу да бар. Азыркынын тили менен айтканда иш орундарын түзөт, эскиче бир уруу элди багат. Эл бакканы ошол да , илгери да баарын отургузуп алып казанына аш салып берген эмес, иш берип баккан. Уулдарынын ар бирине айылдан үлүш жер алып, ар биринин короо-жай салып, алма бак, карагат менен өрүккө толтуруп гүлдөтүп койгон. Балдарынын астын үйлөнттү, эми калганын үйлөп-жайлап коюп, улгайганда шаарга барып жылуу-жумшак жашайм деген ою бар. Жеңе, айлык кирешең канча? деп сурап калам. Женем “бизде айлык киреше деп эсептелбейт, жылдык киреше деп эсептелет. Өз алма багымдан, абрикос, карагаттан жалпысынан 400-500 мин сом түшөт. Аны 3 уулум, төртөөбүзгө бөлсөк жылдык кирешебиз орточо 100 миңден айланат. Аны айга бөлсөк 10 000 мин сом болот. Андан сырткары кой-уй, жылкы бар. Сүттү саап ичебиз, эт-тамак аш сатык эмес. Баары колдо. Андан сырткары соодадан түшөт. Элдин алдында эмес, артында эмес, бакыбат ортосундабыз” деп жооп берет. Бакыбат экенин женемдин баскан-турганынан, кийген кийиминен деле байкалып турат.

Жеңем күлала болуп эле жайдыр-кыштыр көр оокаттын артында жүрөт дегенге да болбойт. Иш арасында 5-6 күн бошой калса, жаныбыздагы Жети-Өгүз же Жылуу Суу курортторуна барып колу-бутун жылуу сууга малып эс алып келет, жайында бала-чакасы, курбулары менен көлдүн жээгинде эс алат. Кышында Караколдун лыжа базасына барып дем алат. Күйөөсү бар кездегидей кайын журту, төркүн-төзү, тентуштары менен катташып, той-аштан, кошумча-ыражадан калбайт.

Балдары да эмгекчил, басмырт мүнөз болуп чонойду. Балага ата-эненин сөзүнөн дагы кылган иши, жүрүш-турушу, турмушка болгон мамилеси чоң таасир этерин байкайм. Жеңем балдардын окуусун, эмгегин туура уюштуруп, баарына өз милдеттерин бөлүп берип коет, артынан жүрбөйт муну жаса, ант, минт деп, аягында иштин отчетун сурайт. Жумушчу кыз келиндерге да так милдеттерин бөлүп берет, анан иштин натыйжасын так сурап алат, ишине жараша эмгек акысын да кечиктирбей, кеспей так берет. Иштин башында кадимкидей келишим түзөт, баланча саат иштейсиң, баланча алма сорттойсуң, сапатын текшерем деп. Азыркыча айтканда мыкты менеджер. Иште да, үй тиричилигинде да, турмушта да мыкты менеджер.

Иштин көзүн тапкан мээнеткеч аялзаты. Рахмат сага, жене!

Айнур Аманкулова. Блогер

https://www.instagram.com/p/CSb7VlMoR6Y/?utm_medium=copy_link

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*