“Тилектештик автобусунун” алдыда болуучу иш-чаралары жөнүндө, Ош облусу боюнча калкты маалымдоо маселелери боюнча жолугушуулар болуп өттү

2021-жылдын 7-11-июнунда «Тилектештик автобусунун» алдыдагы иш-чаралары боюнча Ош облусунун Ноокат, Араван, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондорунун айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, маалыматтар берилди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан БУУӨПтүн колдоосу менен «Тилектештик автобусунун» натый жалуу иштөөсү жана жарандарга максималдуу түрдө акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында уюштурулду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө «Тилектештик автобусунун» келүүчү орду жана убактысы жөнүндө калкка маалымдоо боюнча практикалык иштер талкууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*