Бүгүн, 15-июнунда “Тилектештик Автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек, Учкун, Шарк, Маданият жана Той-Чуу айылдарынын 148 жаранына акысыз укуктук жардам көрсөтүлдү. Жолугушуу Мады жана Шарк айыл өкмөттөрүнүн имаратында болду.
Жергиликтүү тургундар негизинен мүлктү мурастоо, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, паспорт алуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка маселелер менен кайрылышты.
16-июнда “Тилектештик Автобустун” адистеринин калк менен жолугушуусу түшкө чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылында, түштөн кийин – Кашкар-Кыштак айылында айыл өкмөтүнүн базасында болуп өтөт.



Leave a Reply