Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясы аркылуу калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча ишти жандандырды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясы аркылуу калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча ишти жандандырды.

Аймактык мамлекеттик органдардын адистеринен түзүлгөн мобилдик топтор 14–июндан баштап Ош облусунун калктуу конуштарына бара башташты, 21-июндан баштап Нарын областы боюнча жана 13-июлдан баштап Чүй областы боюнча барышат.

Адистер менен болгон калктын жолугушуулары бекитилген графиктерге ылайык өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу баардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен айыл өкмөтүнүн базасында жүргүзүлөт.

Жарандар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик, жер укуктары боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо жана башка укуктук маселелери боюнча акысыз консультацияларды ала алышат.

Бүгүн “Тилектештик Автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман, Нурдар, Жаңы-Малаа жана Кызыл-Кыштак айылдарынын 85 жаранына акысыз укуктук жардам көрсөтүлдү. Жолугушуу Нариман айыл өкмөтүнүн имаратында болду.

Жергиликтүү тургундар негизинен мүлктү мурастоо, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, паспорт алуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка маселелер менен кайрылышты. 

2021-жылдын 15-июнунда “Тилектештик Автобусу” Ош облусунун Кара-Суу районунуна Мады айылына барат.

Ош облусу боюнча “Тилектештик автобусунун” чыгуу графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ky/content/1575 

Нарын облусу боюнча “Тилектештик автобусунун” чыгуу графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ky/content/1574 

Чүй облусу боюнча “Тилектештик автобусунун” чыгуу графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ky/content/1573 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*