Көз карандысыз жашоо шарттары

Азыркы замандын адамы эч кимден көз каранды болбой, өз алдынча жашашы үчүн эмне керек? Башталгыч, орто жана мүмкүн болсо жогорку билим алуусу, иши, жашаганга жайлуу үйү, дүкөнгө, дарыканага, жумушка, маданий жайларга барууга, администрациялык мекемелерге өз алдынча жетүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек, өзүн өркүндөтүүгө, искусство, илимдин жаңы багыттарын өздөштүрүп, спорт менен машыгууга, дарыланууга, эс алууга, үй-бүлө куруп, өлкөнүн коомдук турмушуна аралашууга мүмкүнчүлүгү болуугатийиш. Көпчүлүк колунан келген өлкөлөр жарандарына ушунун баарын камсыздоого шарт түзүп келет. Элге турмушун өз алдынча курууга шарт түзгөндө, так ошондой эле шартарды өлкөнүн толук кандуу жараны болгон майыптыгы бар адамдарга да кошо түзүүбүз абзел. Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясында бардык категориядагы майыптыгы бар адамдарга өз алдынча тиричилик кылууга, турмуштун ар кыл багыттарына жигердүү катышууга мумкүнчүлүк түзүп берүү зарылдыгы каралган. Бул Конвенциянын негизги принциби жана өзөктүү идеясы, калган ченемдердин бардыгы ушуга негизделген.
Ал үчүн мамлекет имараттар, тейлөө кызматтары майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуусу жана башкалардан да талап кылуусу зарыл. Мамлекет жеткиликтүүлүк боюнча нускамаларды иштеп чыгып, имараттарга Брайл тамгасындагы белгилдерди орнотуп, сурдокотормочу кызматтарын камсыздап, майыптыгы бар адамдар заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдоно алышына шарттарды жаратуу боюнча иштерди жүргүзүүсү абзел.
Майыптыгы бар адам билим алууга, өзүн өркүндөтүүгө, үй-бүлө күтүүгө, иштөөгө, жакындарына кам көрүүгө, коомдун турмушуна жигердүү катышууга, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошууга мүмкүнчүлүгү бар. Муну жеткиликтүү чөйрөдө гана ишке ашырса болот. Жеткиликтүү чөйрө – ага муктаж болгон ар бир адамга көз карандысыз, өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүк берет.
БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоору 2014-жылдан тартып майыптыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашыруу жаатында активдүү иш жүргүзүп келет. Долбоордун алкагында укуктук топтомдор Брайл тамгасында, аудиоформатта даярдалган, “Укук алиппеси” видеокурсу чыгарылган.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*