Журналисттер жана блогерлер арасында “Ийгиликтүү айылдык айым” темасындагы медиаматериалдарга сынак жарыяланат. Сынакка ишкердүүлүк, саясат менен алектенген, жетекчи кызмат орундарын ээлеген, жигердүү жана натыйжалуу үй чарбасын жүргүзгөн, жумушчу орундарын түзгөн, таланттарын өнүктүргөн, инновациялык ыкмалар менен акча табуунун жолдорун жайылткан айылдык аялдардын образын чагылдырган материалдар кабыл алынат. Сынак КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда өткөрүлүүдө.
- Сынактын максаты:
- айылдык аялдардын позитивдүү образын жаратуу;
- жетекчи, ишкер айылдык аялдардын позитивдүү образын жаратуу;
- айылдык аялдардын билим деңгээлин, экономикалык жигердүүлүгүн жогорулатууга жана акы төлөнүүчү жумуш менен камсыз болууга түркү берүү;
- айылдык аялдарга карата стереотиптерди жоюга колдоо көрсөтүү;
- гендер жана майыптык өңүтүндө сезгич лексиканы колдонуу жана жайылтуу.
2018-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги БУУӨПтүн долбоору менен биргеликте айылдык аялдарга карата терс стереотиптерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, айылдык аялдарга карата терс стереотиптер коомдун аң-сезиминде терең орун алган. Алар дискриминациялоого өбөлгө түзүп айылдык аялдарды коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратат.
Ошондой эле излидөөнүн жыйынтыгында бул стереотиптер жөнөкөй жарандардын, мамлекеттик кызматкерлердин арасында кеңири жайылгандыгы жана ал саясатта, мыйзамдарда, укук коргоо органдарында ошондой эле маалымат чөйрөсүндө жайылганын көрсөттү.
Сынактык материалдарды жасоо үчүн ЭжСӨMдүн сайтындагы айылдык аялдарга жана майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди аныктоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары жана кыргыз, орус тилдериндеги инфографикалык маалыматтар менен таанышып алууга болот.
- Сынактын катышуучулары
Сынакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана медиа материалдардын түрүнө карабастан баардык (теле көрсөтүүлөр, радио материалдар, подкасттар, макалалар, блогдор, видео блогдор …) кыргыз жана орус тилиндеги журналисттик материалдардын жана блогдордун авторлору катыша алышат. Сынакка гезит беттеринде, социалдык тармактарда, Интернет басылмалардын веб-сайттарында, блог платформаларында жарыяланган же өлкөнүн телерадио каналдары аркылуу берилген материалдар кабыл алынат.
- Сынактын катышуучулары төмөнкү материалдарды жөнөтүүсү керек:
- өзү тууралуу маалымат (аты жөну, иштеген жери, байланыш телефону);
- 2020-жылдын 26 майынан 15 августка чейин жарыяланган, же эфирге чыккан сынактын темасындагы бирден үчкө чейинки медиаматериалдар;
- ар түрдүү веб-ресуртарда (вебсайт, социалдык тармак, YouTube, блог платформалары ж.б.) жайгаштырылган материалдардын шилтемелери;
- YouTube каналдарына же башка веб-ресурстарга жайгаштырылган теле жана радио материалдардын шилтемели, кыскача маалыматы (автору, эфирге чыккан датасы, ЖМКнын аталышы, хронометражы);
- гезит журналдарга чыккан материалдардын скан-версиясы жана ошол эле материалдардын социалдык тармактардагы же башка веб ресуртардагы шилтемелери, кыскача маалыматы (автору, жарыяланган датасы, ЖМКнын аталышы).
Сынака катышуу үчүн материалдардын скан версиясын же шилтемелерин competition.kg@gmail.com электрондук почтасына “Ийгиликтүү айылдык айым” сынагы үчүн деген тема коюп жөнөтүү керек. Кошумча суроолорду ушул почтага жазып жооп алсанар болот.
Уюштуруучулар сынакка келип түшкөн материалдарды таратууга, басып чыгарууга укуктуу. Сынактык материалдарды таратууда авторуна жана ЖМКсына шилтеме берилет.
- Сынактын акыркы мөөнөту – 15 август 2021-жыл, 17.00.
- Сынактын номинациялары:
Эң мыкты журналисттик эмгек
1 орун – Ноутбук
2 орун – Мобилдик телефон
3 орун – Букридер
Кызыктыруучу сыйлыктар
Эң мыкты блог
1 орун – Ноутбук
2 орун – Мобилдик телефон
3 орун – Букридер
Кызыктыруучу сыйлыктар
- Тандоонун критерийлери:
– сынактын темасына, максаттарына жооп бериши;
– журналистиканын этикалык нормаларына, профессионалдык стандарттарына туура келиши;
– маалыматтын ар тараптуулугу, тереңдиги;
– материалды чагылдыруунун оригиналдуулугу;
– аудиторияга таасирдүүлүгү.
Leave a Reply