Ата-энелик укукту калыбына келтирүүгө болот

Бир күнү “Акысыз юридикалык жардам” борборуна 40 жашка чыгып калган киши жашоосундагы оор абалды чечүүгө жардам сурап кайрылган. Сүйлөшүп жатып Эрмек ( аты өзгөртүлгөн) мындан үч жыл мурда бирөөнүн буюмун уурдап, эркинен ажыратылганын айтып берген. Ал камакта жүргөндө эки кичинекей баласына материалдык жардам берип турууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Андыктан мурунку аялы арыз берип, аталык укуктан ажыратып койгон. Жаза мөөнөтүн толук өтөп бүтүп, жакында эле камактан бошогон экен. Учурда Эрмек жумушка орношуп, балдарына алимент төлөп турат, оңолууга багыт алган. Антсе дагы мурунку аялы балдарына жолуктурбай жатыптыр. Эрмек болсо аталык укугунан ажыратылгандыктан, эч нерсе кыла албасын айкан. Тапкан акчасынын дээрлик баарын үч жыл бою төлөбөй келген алименттин карызына төгүп бергендиктен, адвокаттын кызматына төлөөгө да каражаты жок. Ошол себептен “Акысыз юридикалык жардам борборуна” кайрылган.
Эрмек өз жүрүш-турушун, жашоо мүнөзүн, бала тарбиялоого мамилесин түп тамырынан өзгөрткөн болсо, ата-энелик укугун калыбына келтирсе болоору тууралуу борбордун юристинен кенен маалымат алды. Ал үчүн жүрүш турушу жакшырганын далилдеген документ кагаздарды: иштеген жеринен маалымдама, иштеген жана жашаган жеринен мүнөздөмө, башка дагы жакшы жагын көрсөткөн маалымдамалар, алиментти убагында төлөп жаткандыгы тууралуу сот аткаруучунун маалымдамасы жана башка маалымат кагаздарды даярдоо зарыл. Андан кийин аталык укугун калыбына келтирүү тууралуу сотко арыз менен кайрылуу керек.
Эгерде сот анын аталык укугун калыбына келтирсе, ал балдарын тарбиялоого катышууга, алар менен көрүшүп турууга энеси менен тең катар укукка ээ болот. Эгерде мурунку аялы балдары менен көрүштүрбөй кое турган болсо, Эрмек баланы коргоо боюнча аймактык органга жана сотко кайрылса болот.
Учурда республика боюнча КР Юстиция министрлигинин акысыз консультациялык-укуктук жардам берүүчү 28 борбору иштейт. Кыргызстандагы БУУӨП Чүй жана Ош облустарында борборлорду ачууга колдоо көрсөткөн. Бул борборлордо мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын квалификациялуу адвокаттары консультация беришет.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*