Зордук-зомбулук көп учурда тарбиялоонун өзгөчө ыкмасы катары каралат

Тилекке каршы, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, анын ичинде балдарга карата зомбулук көп кездешет. “112 Тынымсыз байланыш” юридикалык кызматынын  юрист-оператору Дина Кожахметованын айтымында, психологиялык зомбулук жана уруп-сабап зомбулук кылуу тарбиянын бир түрү катары каралат. Мындай мамиле балага залакасын,  ар тараптуу өнүгүшүнө кедергисин тийгизет, баланын ар кыл психологиялык проблемалары пайда болуп, алар кээде психологдун жардамы менен жоюлат.  “112 Тынымсыз байланышка” жакында бир аял кайрылган. Ал  7 жашар баласын атасы такай урушуп, жаман баалары үчүн тилдеп, кээде жалгыз  караңгы бөлмөгө камап коюп, жарыкты жагууга тыюу салат деп даттанган.  Такай ушинтип кысым көрсөтө бергендиктен баланын жүрөгү үшүп, сабакты жакшы окуй албай, кыжыры тез келип, капаланып, тез-тез, узакка ыйлай турган болгон. Жардам сурап кайрылган аял баланын тууганы болот экен. Ал аял баланы коргооуну кандай механизмдери бар экенин сурады.  

Мындай көрүнүштөр сейрек эмес. Мындай учурларда мамлекеттин жардамын алуу керек жана зарыл. Балага кандай болбосун зордук-зомбулук жасалып жатканын көргөн ар бир адам бул жардамды алса болот.  Укук коргоо органдарына, социалдык коргоо органдарына, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлгө кайрылса болот. Бул органдардын ар бири  өз компетенциясынын алкагында текшере алат. Балага көрсөткөн зордук-зомбулукка жараша квалификациялоо боюнча чечим кабыл алынат. Баланы ата-энесинен ажыратып коюу тууралуу чечим чыгарылышы  мүмкүн. Бул учурда баланы өзү жашаган үйүндө эле калтырып коюуга болот, анткени баланы жашап көнгөн шартынан ажыратуу менен  анын ансыз деле жаман абалы ого бетер начарлап калышы мүмкүн. Баланын жашап, тарбияланып жаткан шарттары  текшерүүгө алынат. Зарылдык туулса балага медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлөт.

Албетте, баланын укугун коргоо тармагында комплекстүү чечүүгө зарыл болгон көп маселелер бар. 

“112 – Тынымсыз байланыш – Юридикалык жардам”  “Жаңы чечимдер” коомдук бирикмеси тарабынан,  БУУӨП менен Финляндия Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосу менен уюштурулган. 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*