Юристтин консультациясы – жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу алгачкы кадам

“Бир жарым айдай мурун мени 3 балам менен күйөөм, анын туугандары үйдөн кууп чыккан. Балдарым 16, 12 жана 2 жашта. Улуу кызым мага болушам дегенде кайын синдим аны   сабап салган.  Мен милицияга жаш баланы уруп салды деп арыз бергем. Азыр бул  тергөө иши эмне болуп жатканын билбейм. Тергөөчү ишти сотко өткөрдүм деген. Мен балдарым менен ар жерде, бирде өз ата-энемдикинде, бирде туугандарымдыкында, бирде тааныштардыкында жашап жүрөбүз. Күйөөм менен анын  эже-карындаштары жашаган үй кайын энеме катталган, уйдүн бир жагын алар квартиранттарга ижарага беришет. Документ боюнча үйдүн жарымы кайын энеме тиешелүү болчу, кайын энем 12 жыл мурда каза болгон. Калган жарымын кожоюндарынан  ишеним кат менен сатып алышкан. Кийин үй күйүп кетип, кайра  тургузууга туура келген. Үйдү курууга менин атыма кредит алынган дагы ал акчага өрттөнгөн  үйдү кайра салганбыз. Куйөөм менен ажырашып, үй-мүлктү бөлүшөйүн дегем. Маг эч ким каржылай  жардам бербейт”. 

Ушундай маселе менен жакында “112  Тынымсыз байланыш” телефонуна Жалал-Абад облусунан  Айгул аттуу (аты өзгөртүлдү) аял юридикалык кеп-кеңеш сурап кайрылды.  Ал өз тарыхын акырын айтып берип, суроолорун бере баштады.  

“Жаңы чечимдер” коомдук уюму тарабынан жүргүзүлүп жаткан “112 – Тынымсыз байланыш -Юридикалык жардам” кызматынын юрист-оператору Гулзада Жалгасынова Айгүлгө төмөндөгүдөй аракеттерди жасоого кеңеш берген:

  1. Сот канцеляриясына телефон чалып, кызын сабаганы тууралуу иш тергөөчүдөн сотко келдиби, келсе кимге, кайсы  сотко берилди, билүү керек;
  2. Жашаган жерине караштуу  социалдык коргоо башкармалыгына барып, эне менен балдарга баштапкы материалдык жардам сурап, арыз жазуу керек;

Андан тышкары юрист Жалал-Абад шаарындагы “Каниет” кризистик борборунун байланыш телефондорун берип жана ал жерден психологиялык колдоо алып, мүмкүн болсо шелтерде жашап турууга болорун айтты. Мындан тышкары Айгүль Жалал-Абад шаарындагы Акысыз юридикалык жардам борборуна (АЮЖБ) жиберилди. Анткени жер тилкеси менен үйдү каттоо боюнча, никени ажыратып, балдарды бир жерге  орноштуруу, алимент алуу, ошондой эле жашы жете элек баланы сабагандыгы үчүн соттук териштирүүдө баланын укугун коргоо боюнча укуктук  документтерди түзүүдө адвокаттын өкүлдүгү  зарыл болушу мумкүн.

Учурда республика боюнча КР Юстиция министрлигинин акысыз консультациялык-укуктук жардам берүүчү 28 борбору иштейт. БУУӨП жана Финляндия Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоору Чүй жана Ош облустарында 13 борборду ачууга колдоо көрсөткөн. Бул борборлордо мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын  квалификациялуу адвокаттары  консультация беришет. Даректери бул шилтемеде.  

Ошондой эле  БУУӨП  долбоору “122 Тынымсыз байланыш – Юридикалык жардамын” ачууга көмөкчү болгон.  Жардамга муктаж болгон ар бир адам 112 номуруна телефон чалып, тажрыйбалуу юристтерден  консультация алса болот. Телефонго бекер чалынат.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*