“Тилектештик автобусу” акциясынын жыйынтыгы боюнча 1915 жаран акысыз укуктук жардам алды

“Тилектештик автобусу”акциясынын жыйынтыктары боюнча 2020-жылдын 12-ноябрынан 16-декабрга чейин 1915 жаран акысыз укуктук жардам алды.
 
Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги сыяктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнштөрүнүн адистеринин ичинен эки мобилдик топ түзүлдү .
 
Жалпысынан Чүй облусу боюнча 69, Ош облусу боюнча – 48 аймактык мамлекеттик органдардын адиси, тартылган.
Бир күндө мобилдик топтор эки калктуу конуштарга барышкан. Акция мезгилинде Чүй облусу боюнча 40, Ош облусу боюнча – 28 калктуу конушка барышкан.
 
Адистер менен калктын жолугушуусу өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу баардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.
 
 Жарандар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик, жер укуктары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын ж.б. укуктук маселелер боюнча акысыз консультацияларды алышты.
“Тилектештик автобусу” Чүй облусунун (12-ноябрдан 16-декабрга чейин) жана Ош облусунун калктуу конуштарына (13-ноябрдан 14-декабрга чейин) баргандыгын белгилей кетүү керек.
 
 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*