Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Жаңы жылдык иш-чара уюштурулду

“Өнүгүү” балдар борбору” коомдук бирикмеси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн “Балдарды бактылуу кылалы” аттуу Жаңы жылдык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева катышты.

Коомдук бирикменин директору Саида Абдукадырованын айтымында, борборду мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери түзүшкөн.

“Биз балдарга коррекциялык психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтөбүз: когнитивдик көйгөйлөр менен, сүйлөө бузулуулары менен, Кохлеардык имплантаттар менен, угуу жөндөмдүүлүгү, Даун синдрому, церебралдык шал оорусу, Аутизм жана башкалар. Мындан тышкары, биз турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтөбүз”, – дейт ал.

Иш-чарада министрдин орун басары бардык балдарга белектерди тапшырды.

https://www.super.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*