Майыптыктын моделдери

Көпчүлүк адамдар БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча Конвенциянын  нормалары менен жергиликтүү мыйзамдардын ортосунда кандай айырма бар деп сурашат. Алардын негизги айырмачылыгы майыптуулуктун моделинде, аны түшүнүү жана колдонуу ыкмасында.

Конвенцияда майыптыкты түшүнүү үчүн социалдык жана укуктук модели сунушталат . Бул моделде майыптыгы бар адам коомдун тең укуктуу мүчөсү катары кабыл алынып, билим алууга, талантын өркүндөтүүгө, эмгек ишмердүүлүгүн жайылтууга шарт түзүлөт.

Социалдык жана укуктук моделде майыптыгы бар адамдардын иштеши, окушу, дарылануусу үчүн шарттарды коомдон бөлүнгөн атайын мекемемелерди түзбөйт. Тескерисинче аларга ар тараптуу активдүү жашоого түрткү берет.

Социалдык жана укуктук моделинде негизги басым дарылоого эмес, анын муктаждыктарын канааттандырууга, басмырлоону жоюуга, ошондой эле анын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун жана жүзөгө ашыруунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө көңүл бурулат.

Биздин өлкөдө майыптыкты түшүнүүнүн медициналык модели калыптанган. Бул моделде майыптыгы бар адамдын ден-соолугунун өзгөчөлүгү, патология катары каралат. Майыптыгы бар адам ден-соолугуна байланыштуу өз алдынча көчөгө чыга албаган, иштей албаган, окуй албаган адам катары каралат.

Медициналык моделде дарылоого көп маани берилип, адамдын майыптыгы негизги тоскоолдук катары эсептелет. Ал эми социалдык жана укуктук моделде эң негизги тоскоолдук жеткиликтүү эмес чөйрө болуп эсептелет.

Конвенция майыптыгы бар адамдарды турмуштун бардык аспектилерине толук кандуу катышуусу үчүн шарт түзүүгө, туура эмес салттарга, стереотиптерге, жаман ой-пикирлерге, майыптыгы бар адамдарга таасир этүүчү зыяндуу тажрыйбаларга жана стигмага бөгөт коюуга чакырат.  

Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы 2006-жылдын 13-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен кабыл алынган. Кыргызстан  бул Конвенцияны 2019-жылы ратификациялаган.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*