Сурабалдиева: Аялдарга зомбулук көрсөткөндөр аёосуз жазаланышы керек

Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн күч-аракетти бириктирүү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынынын жүрүшүндө билдирди. 

Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы орун алган аялдарга карата зомбулук көрсөтүү жана адам өлүмүнө алып келген учурлар калк арасында олуттуу кооптонууну пайда кылып, тыкыр иликтөөнү жана күнөөлүү жактардын жазаланышын талап кылат.

«Зомбулук адам укуктарынын бузулушунун кеӊири тараган түрү бойдон калууда жана бул географиялык, социалдык, экономикалык же диний чекке карабастан,  көптөгөн аялдар жана балдар үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. БУУнун маалыматтары боюнча Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял балдары менен зомбулуктун башка бардык түрлөрүн камтыган үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Үй-бүлөлүк зомбулук адам өз алдынча көйгөйдү чече албагандыктан, турмуштук оор кырдаалга кирет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары көпчүлүк учурларда үй-бүлөнүн социалдык жактан аярлуу мүчөлөрү – алар аялдар, балдар, улгайгандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар», – деди Эльвира Сурабалиева.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын 9 айы ичинде ички иштер органдары 6950 үй-бүлөлүк зомбулук учурун каттаган (2019-жылдын 9 айына салыштырмалуу 13,8 % көбүрөөк), 6824 убактылуу ордер берилген (2019-жылдын 9 айында – 5368), үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен 285 кылмыш иши козголду.

Эльвира Сурабалдиева эске салгандай, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу жана тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болгон субъектилердин тизими аныкталган.

«Бүгүнкү отурумда Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Жогору жактагылардын тапшырмаларын күтүп отура бербей, мыйзам бузган жана зордук-зомбулук жасаган жарандар менен аеосуз күрөш жүргүзүп туруубуз абзел. Мыйзамды бузуучулар аларга эң катуу санкциялар жана жаза чаралары колдонула тургандыгын билүүгө тийиш. Биздин жарандык коом, бейөкмөт уюмдар, массалык маалымат каражаттары коомдогу зомбулук фактыларына жигердүү көңүл буруп, талкуулоого тийиш деп эсептейм», – деди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева.

Иш-чарага эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

https://media-center.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*