Адвокаттын иш сапатын жогорулатууга салым кошуңуз!

 
Сиздин чечилбей жаткан юридикалык маселеңиз бар, бирок адвокаттын кызматын төлөөгө мүмкүнчүлүгүңүз жок. Мындай учурда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму, мамлекеттин эсебинен сизге атайын адвокат дайындап берет. Адвокаттын жарандарга көрсөткөн ишинин сапатын талап кылуу максатында, алардын иш аракеттеринин минималдуу талаптары кабыл алынган. Андыктан, адвокат менен иштешүүдөн мурун, алардын иш сапатынын стандарттары менен таанышып алганыңыз жакшы.
 

Адвокаттын иш сапатынын стандарттарынын негизги талаптары:

 
• Процесстин кайсы стадиясында болбосун адвокат сиз менен жолугуп, көйгөйүңүзду, иш боюнча жагдайларды, далилдерди угуп, өз ара ишенимдүү мамиле түзүү керек.
 
• Маек жүргүзгөндөн кийин адвокат иштин жагдайын талдап сизге керектүү болгон позицияны иштеп чыгууга киришет:
 
 маалыматты системалаштырат;
 
 ченемдик укуктук актыларды иликтейт;
 
 сиздикине окшогон башка сот практикасын иликтейт;
 
 талаш жараткан укуктук мамилелерди квалификациялайт;
 
 далилдерди системалаштырат;
 
 ишке катышууга адистерди, котормочуларды, күбөлөрдү тартуу жана маселени чечүү үчүн аракеттердин планын иштеп чыгат.
 
• Талдоо жүргүзгөндөн кийин адвокат сизге варианттуу позицияларды сунуш кылат. Аларды ишке ашырууда иштин көлөмүн, чыгымдарын жана тобокелдиктери тууралуу маалымат берүүсү зарыл.
 
• Сиз өзүңүзгө туура келген позицияны тандагандан кийин адвокат аны ишке ашырууга киришет, процессуалдык документтерди даярдайт, далилдерди текшерет. Сиздин позициянызды ишке ашырууга багытталган юридикалык аракеттерди ишке ашырат.
 
• Жарандык/административдик иште соттон жеңип чыкканга мүмкүнчүлүк жок болуп туруп, кайсы бир себептер менен ишти сотко чейин жеткирүүгө бекем турсаңыз, адвокат ишке киришүүгө укуктуу. Мындай учурда адвокат сиздин макулдуңузду жазуу жүзүндө алуусу керек.
 
• Адвокат сизге тараптардын элдешүүсү менен талашты чечүү мүмкүндүгүн түшүндүрүп берүүгө тийиш.
 
• Адвокат бардык соттук отурумдарга түздөн-түз катышууга милдеттүү.
 
• Адвокат болгон далилдердин баары сот тарабынан толук изилденишин көзөмөлдөшү керек. Сот тарабынан бул талаптар бузулган учурда, адвокат жазуу жүзүндө билдирүү жасап каршы пикир айтууга милдеттүү.
 
• Адвокат мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө соттук актыны алууга жана анын маанисин сизге түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
 
• Адвокат, чыгарылган чечимди кайра кароонун мүмкүн болгон жолдору жөнүндө сизге түшүндүрүп керектүү чечим кабыл алууга жардам берүүгө тийиш.
 
Адвокаттын ишине коюлган минималдуу талаптар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын advokatura.kg вебсайтынан таанышсаңар болот.
 
Өз укугуңарды жана кызыкчылыгыңарды коргоодо аталган стандарттарды колдонуу менен, сиз адвокаттардын иш сапатын жогорулатууга салым кошосуз!
 
 
Өз укугуңду бил! Өз укугуңду корго! Өз укугуңду колдон!
 
 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*