Кыргызстанда 10 ай ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 305 кылмыш иши катталды

Кыргызстанда 10 ай ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 305 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кризистик борборлор ассоциациясынын директору Толкун Түлекова билдирди.

Анын айтымында, 10 ай ичинде өлүм беренеси боюнча 21, денеге оор залал келтирүү беренеси боюнча 21 жана зордуктоо беренеси менен 30 иш катталды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 16 күндүк “Зомбулуксуз жашоо” өнөктүгү башталды.

“Өнөктүктүн тематикасы жыл сайын өзгөрүп турат. Быйылкы тематика “Пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу” болууда. Өнөктүк учурунда 3 багытта иш жүргүзүлөт. Унчукпоо – зомбулукка кабылгандар тиешелүү органдарга кайрылуусу керек. Аялдардын жүрүм-турумуна таасир тийгизип жаткан салттык стереотиптер менен иштөө. Үчүнчүсү, гендердик теңдик – чечим кабыл алууда аял кишинин тандоосу маанилүү”, – дейт ал.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова республиканын аймагында 17 кризистик борбор иштеп жатканын айтат.

“Анын 14ү Кризистик борборлор ассоциациясына кирет. Кризистик борборго 30 айым келсе анын төртөөсү үйгө кайтып барбай турганын билдирген. Анткени үйгө барса туугандары кайра эле жашатып коёрун айтышкан. Ал учурда үйгө бара албай калган айымдар үчүн “Нур” социалдык үй ачылган. Алар социалдык үйдө бутуна туруп кеткенге чейин болот”, – деп маалымдады Солтонбекова.

http://kg.kabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*