“Онлайн консультациянын лидери” сынагы

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору “Онлайн консультациянын лидери” сынагын жарыялайт.

Сынактын максаты: 

  • аялуу топтордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  • калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу;
  • укуктук маселелерди чечүүнүн натыйжалуу ыкмаларын жайылтуу;
  • дистанциялык ыкма менен консультациялык жана юридикалык жардам көрсөтүүгө мотивация берүү.

Сынактын катышуучулары:

Сынакка Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка бекер консультация жана юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун кызматкерлери, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун юристтери, аймактык юстиция башкармалыктарынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар катыша алат. Сынактын кеминде 10 катышуучу болсо өттү деп эсептелет. 

Тандоо критерийлери:

  • онлайн консультациялардын саны жана сапаты (электрондук отчеттуулук системасы аркылуу берилген онлайн консультацияларга артыкчылык берилет);
  • кеңеш алган адамдын жана башкалардын канааттануусу (пикирлер, сын-пикирлер ж.б.).

Сынактын материалдары:

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • WhatsApp, Facebook, электрондук почта жана башка онлайн ресурстар аркылуу берилген бардык консультацияларды (маалыматтын купуялуулугун эске алуу менен) Word форматында көчүрүп алуу;
  • мүмкүн болсо, ар бир консультациядан бир скриншот жасоо;
  • сын-пикирлер (кайтарым байланыш);
  • онлайн-консультациялардын жыйынтыктоочу статистикасын айларга бөлүп түзүү;
  • катышуучу жөнүндө маалымат менен кошо материалдарды жөнөтүү (аты-жөнү, иштеген жери, байланыштары: телефон номери). 

Сынактын материалдары competition.kg@gmail.com электрондук дарегине “Онлайн консультациянын лидери” деген тема менен жөнөтүлүшү керек. Ушул эле электрондук дарек  аркылуу кошумча суроолорго жооп алууга болот.

Сынактын уюштуруучулары сынак материалдардын купуялуулугуна кепилдик берет.

Сынактын мөөнөтү

Сынактын катышуучулары 2020-жылдын 9-июнунан 3-декабрына чейин берилген онлайн консультацияларынын материалдарын жана статистиканы тапшырат. Материалдар 2020-жылдын 3-декабрына чейин, саат 17.00гө чейин жөнөтүлүшү керек.

Байгелер жана жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү сыйлыктар тапшырылат:

1-орун – ноутбук

2-орун – электрондук китеп

3-орун – уюлдук телефон

Кызыктыруучу сыйлыктар

Жеңүүчүлөр КРнын Юстиция министрлигинин, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун жана БУУӨПтүн долбоорунун өкүлдөрү тарабынан аныкталат.

Сынак БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*