МКЮЖ тутуму жөнүндөгү медиа материалдардын сынагы

КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору (МКЮЖ КБ) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдын ролу жөнүндө медиа материалдарды жаратуу боюнча ЖМК жана интернет басылмаларынын журналисттери жана блогерлер арасында сынак жарыялайт.

Сынактын максаттары:

  • мамлекет кепилденген юридикалык жардам тутуму, КРнын Юстиция министрлигинин, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ КБнын, ошондой эле аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү (АЮЖК) борборлорунун иши жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;
  • калктын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу;
  • алыскы аймактарда жашаган калктын аялуу катмарынын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
  • калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу.

Сынактын катышуучулары:

Сынака медианын жана медиа продуктунун түрүнө (телешоулар, радиоберүүлөр, подкасттар, видеотасмалар, макалалар, блогдор, видео блогдор) карабастан баардык кыргыз жана орус тилдериндеги журналисттик материалдардын жана блогдордун авторлору катыша алышат. Сынактык материалдар гезит беттеринде, социалдык тармактарда, интернет-басылмалардын сайттарында, блогдордун платформаларында жарыяланса же өлкөнүн телерадио каналдары аркылуу берилсе болот.

Сынактын жыйынтыгы кеминде 10 катышуучу катталган учурда гана чыгарылат.

Тандоо критерийлери:

– жарыяланган темага материалдын дал келиши;

– журналистиканын кесиптик стандарттарын жана этикалык нормаларын сактоо;

– маалыматтын байлыгы, теманын терең чагылдырылышы;

– материалдын оригиналдуу берилши;

– материалдын саны;

– аудиторияга таасири.

Сынактын материалдары:

  • өзү тууралуу маалымат (аты-жөнү, иштеген жери, байланыштар: телефон номери);
  • жогоруда көрсөтүлгөн темалар боюнча бирден үчкө чейин материалдарды;
  • ар кандай веб-ресурстарда (веб-сайттарда, социалдык тармактарда, youtube, блог платформаларында ж.б.) жарыяланган материалдарга шилтемелер;
  • Youtube каналдарында же башка веб-ресурстарда жарыяланган телерадио материалдарына шилтемелер, материал жөнүндө кыскача маалыматтар (автору, эфирге чыккан күнү, ЖМКнын аталышы, убактысы);
  • гезит-журнал басылмаларынын сканерленген нускалары, ошондой эле социалдык тармактардагы же башка веб-ресурстардагы материалдардын шилтемелери, материал жөнүндө кыскача маалыматтар (автору, жарыяланган датасы, ЖМКнын аталышы).

Сынактын шарттары:

Сынакка катышуу үчүн, шилтемелерди же сканерленген материалдарды “МКЮЖ тутуму жөнүндөгү медиа материалдардын сынагына” деген тема менен competition.kg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек. Ушул эле электрондук дарек аркылуу кошумча суроолорго жооп алууга болот.

Сынакка жогоруда көрсөтүлгөн темалар боюнча бир автордон бирден үчкө чейин, 2020-жылдын 9-июнунан 3-декабрына чейин жарыяланган же обого чыккан материалдар кабыл алынат.

Жумуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2020-жылдын 3-декабры, саат 17.00гө чейин.

Сынактын уюштуруучулары сынакка келип түшкөн материалдарды авторго жана ММКга шилтеме менен жарыялоо жана таратуу укугуна ээ.

Байгелер жана жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби.

Мыкты журналисттик материал 

1-орун – Ноутбук

2-орун – электрондук китеп

3-орун – Уюлдук телефон

Кызыктыруучу сыйлыктар

Мыкты блогер 

1-орун – Ноутбук

2-орун – электрондук китеп

3-орун – Уюлдук телефон

Кызыктыруучу сыйлыктар

Жеңүүчүлөр КРнын Юстиция министрлигинин, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун жана БУУӨПтүн долбоорунун өкүлдөрү тарабынан аныкталат.

Сынак БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*