“Мыкты Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору” сынагы

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору (МКЮЖ КБ) “Мыкты Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү (АЮЖК) борбору” сынагын жарыялайт.

Сынактын максаты: 

  • аялуу топтордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  • калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу;
  • юридикалык консультация берүүнүн альтернативдүү натыйжалуу ыкмаларын жайылтуу.

Сынактын катышуучулары:

КР Юстиция министрлигинин аймактык Юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору.

Сынактын жыйынтыгы кеминде 10 АЮЖК борбору катышкан учурда гана чыгарылат.

Тандоо критерийлери:

  • берилген консультациянын саны жарандардын суроо-талаптарын (электрондук отчеттуулук системасы аркылуу каттоо);
  • АЮЖК борборлорунун электрондук отчеттуулук системасы аркылуу берилген онлайн-консультациялардын саны;
  • түшүндүрүү иштеринин көлөмү;
  • канааттандырылган иштердин саны (пикирлер, сын-пикирлер);
  • электрондук отчеттуулук тутумун өз убагында бүтүрүү;
  • ЖМК менен кызматташуу;
  • социалдык тармактардагы активдүүлүк;
  • маалыматтык материалдар жайгаштырылган ресурстадын саны;
  • Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму жөнүндө калкты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын маалымдоо багытында өткөрүлгөн жолугушуулардын саны.

Жыйынтыктар сандык критерийлер боюнча белгилүү бир региондогу адамдардын санына жараша пайыз менен көрсөтүлөт.

Сынактын материалдары:

  • консультациялардын статистикасы;
  • ийгиликтүү иштердин статистикасы;
  • өлкөнүн ар кандай веб-ресурстарында, социалдык тармактарында, басма сөз каражаттарында, теле жана радио каналдарында АЮЖК борбору жөнүндө материалдардын сканерленген версиясы же шилтемелери;
  • социалдык тармактардагы билдирүүлөрдүн шилтемелери (купуялуулук шартында);
  • АЮЖК борборунун байланыштары, (дареги, телефону);
  • маалыматтык материалдар жайгаштырылган жерлердин саны (фото отчету менен);
  • калк жана жергиликтүү бийлик органдары менен болгон жолугушуулардын саны (фотоматериалдарды тиркөө менен).

Сынактын материалдары competition.kg@gmail.com электрондук дарегине “Мыкты АЮЖК борбору” деген тема менен жөнөтүлүшү керек. Ушул эле электрондук дарек аркылуу кошумча суроолорго жооп алууга болот.

Сынактын мөөнөтү

Сынактын катышуучулары 2020-жылдын 9-июнунан 3-декабрына чейин жарыяланган медиа материалдардын, берилген консультациялардын жана статистикасы боюнча материалдарды же шилтемелерин жөнөтүшөт. Материалдарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2020-жылдын 3-декабры, саат 17.00гө чейин.

Байгелер жана жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү сыйлыктар тапшырылат:

1-орун – планшет

2-орун – электрондук китеп

3-орун – уюлдук телефон

Кызыктыруучу сыйлыктар

Жеңүүчүлөр КРнын Юстиция министрлигинин, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун жана БУУӨПтүн долбоорунун өкүлдөрү тарабынан аныкталат.

Сынак БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*