Буденовка мектебинде атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернаттарынан балдарды интеграцияланган Ысык-Ата районунун класс жетекчилер жана пилоттук мугалимдер үчүн “Орто мектептерге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды интеграциялоо” деген семинар өттү. Бул семинар Ысык-Ата районунун билим берүү башкармалыгынын жана “Баланын Укугун Коргоочулардын Лигасы” Коомдук Фонду тарабынан уюштурулган.
Иш-чаранын негизги максаттары – бул катышуучуларга интеграцияланган балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берүү жана билим берүү муктаждыктары өзгөчө балдар менен иштөө боюнча тажрыйба алмашуу болду. Тажрыйба алмашуунун алкагында 5 пилоттук мектептин мугалимдери презентация жасашты: мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен жекече иштөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө, окуганды жана жазганды үйрөнүүдөгү боштуктарды толтуруу жөнүндө , аутизм спектрин бузган баланын коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана командадагы адаптация жөнүндө, начар көргөн балдарды окутуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, көмөкчү мектеп-интернатынан интеграцияланган балага массалык мектеп программасы боюнча окутууга өтүүдө жардамдын түрлөрү жөнүндө.
Бул иш-чара “Баланын Укуктарын Коргоочулардын Лигасы” коомдук фонду тарабынан, “БӨУнун ар бир бала үчүн өнөктөштүгү” коомдук бирикмеси (Молдова) , ”Кыргыз Республикасынын балдары үчүн жагымдуу үй-бүлөлүк чөйрөнү түзүү” долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөрүлүп жатат.
Leave a Reply