Нарында 21 жаштагы Куштарбекке жаңы майып араба белек кылышты (сүрөт)

Turmush –  Нарын шаардык мэриясы тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акчалай жардам көрсөтүлдү. Майыптардын эл аралык күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн.

Акча каражаты тургундардын майыптык категориясына жараша таратылды. Мэр Эмилбек Алымкулов айрым тургундардын үйүнө барып, белектерди тапшырды. Ал эми Социалдык коргоо министрлиги тарабынан алынган майып араба 21 жаштагы Куштарбекке тапшырылды. Мындан сырткары 50 адамга жарым тоннадан көмүр берилди.

Учурда Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3 миңден ашык адам жашаса, алардын ичинен 86 адам бала кезинен шал оорусуна кабылгандар. Аларды 41 мекеме-ишкана көзөмөлгө алып, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтөт.

https://www.turmush.kg/news:356475

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*