8 жашында баспай калган Мирбек Мураталиев: компьютер оңдоп үй, унаа алдым

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

44 жаштагы Мирбек Мураталиев кичине кезинде эки буту өспөй калып, балдак менен жүрүүгө аргасыз болгон. Анткен менен азыр ал жеке ишкер, веб-сайт, мобилдик тиркеме жасаган компаниясы бар. Чакан ишканасын кеңейтип, идеяларын ишке ашыруу үчүн учурда социалдык ишкерлер ассоциациясынын тренинг, сабактарына катышып инвестор издеп жаткан кези.

Майыптардын эл аралык күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги жеке ишкер менен маек курду. Мураталиев жашоосу жана алдыдагы ой-максаттары тууралуу айтып берди.

— Социалдык ишкерлер ассоциациясы уюштурган тренингге катышып жатыптырсыз. Бизнес-долбооруңуз тууралуу айтып берсеңиз?

— Учурда веб-сайт, мобилдик тиркемелерди жасаган чакан компаниям бар. Азыр менде идея көп, бирок каражат жетишсиз болуп жатат. Ошондуктан Социалдык ишкерлер ассоциациясынын долбооруна катышып жатам. Мисалы, сайт жасатууга акчасы жетпей жаткан коомдук фонддор бар. Ошолорго инвестордун жардамы менен арзан баада веб-сайт жасап берсекпи деп ойлогонбуз. Азыр бир сайтты жасатуу үчүн кеминде 300-1000 долларга чейин каражат керек. Учурда инвестор издеп-табууну үйрөнүп жатам.

Предприниматель с ОВЗ Мирбек Мураталиев во время беседы на радио
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
44 жаштагы Мирбек Мураталиев 8 жашында катуу ооруп, акыры балдак менен басып калган

 

— Сайт жасатууга буюртма көп түшөбү? Компанияңызда кандай адамдар иштейт?

— Кыргызстанда IT тармагында сайт жасаган компаниялар аябай көп. Аларга атаандаштык түзүү үчүн инвестордун жардамы менен 20-30 сайтты бир жасоого буюртма алып, рыноктогу бааны түшүрсөкпү деген ой бар.

Бизде азырынча майыптар иштебейт. Улуттук университетти, политехникалык окуу жайын бүткөн күчтүү адистер иштеп жатат. Анткени биз сапатка аябай басым жасайбыз. Бирок алдыда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жумуш орду менен камсыз кылсам деген да ойлор бар.

— Өзүңүз тууралуу айтып бериңизчи?

— Өзүм Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан болом. Дени-кардым соо, жакшынакай эле төрөлүп, 8 жашка чейин тызылдап чуркап жүрчү экенмин. Мектепке барам деген жылы бутум ооруп, аксай баштадым. Доктурга барсак, жаракат алган деген болжолдуу диагноз коюшту. Бирок эч ким так аныктай алган жок. Ал кезде медицина азыркыдай өнүгө элек эмес беле. Баса албай калган күндөрүм да болду, ошентип жүрүп эки жолу жамбашыма операция жасаттым. Операциядан кийин сөөгүм өспөй, балдак менен басууга туура келип калды. Ошентип ооруканалап жүргүчө 6 жыл өтүп кетти. Мени менен тең балдар 6-класста окуп жүргөндө, 14 жашымда араң мектеп босогосун аттадым. Бирок Көлдөн эмес, Кара-Балта шаарындагы майып балдар мектебинен билим алдым.

Предприниматель с ОВЗ Мирбек Мураталиев во время беседы на радио
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
14 жашында мектеп босогосун аттаган Мураталиев аны артыкчылык менен аяктаган

 

— Мектепке кеч барсаңыз классташтар менен келишпестиктер, кыйынчылык болгон жокпу?

— Баары тең мени сыйлап турушчу, анын үстүнө ал жакта жалаң мага окшогон балдар билим алчу. Ооруканага жатып, операция жасатып кыйналып жүргөн убакта апамдын мага көргөзбөй ыйлаганын байкап калчумун. Ошондо менде кандайдыр бир күч пайда болду. Чүнчүп кеткен жокмун, күчтөндүм, сабактарымды жакшы окуп мектепти артыкчылык күбөлүгү менен аяктадым.Өз күчүм менен Бишкектеги Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясына тапшырып, инженер-техник кесибине ээ болдум. Окууну бүтөөрүм менен багыма калаадагы окуу борборлорунун биринен “информатика мугалими болосуңбу?” деген сунуш түшүп калды. Балдар менен иштөө менин кыялым болчу. Дароо эле макулдугумду берип, ал окуу борбордо 12 жыл иштедим. Окуучуларым азыр жакшы жерлерде иштешет, ыраазычылыгын айтышат, чалып ал-абалымды сурап турушат.

— Үй, унаа алдым деп калдыңыз. Мугалимдин айлыгы аз экенин жакшы билебиз. Туугандарыңыз жардам бердиби же башка дагы жумуштарда иштечү белеңиз?

— Жок, мугалим болуп иштебей калгандан кийин компьютер оңдоп сатып, компьютер клубун иштетип калдым. Унаа, үйдү ошол учурда компьютер оңдоп жүрүп алдым. Клубда балдардын пайдасыз оюн ойноп отурганын көрүп аны жаап салдым. Андан кийин баш-отум менен IT тармагына кирип, “Процессор.кж” компаниясын ачып ошол жакта ишимди улантып келе жатам.

— Жеке жашооңузчу? Үй-бүлөңүз барбы?

— Жок, үйлөнө элекмин. Компаниямды бир калыпка салып коюп анан жеке жашоомо көңүл бурсамбы деп жатам.

Предприниматель с ОВЗ Мирбек Мураталиев во время беседы на радио
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Мураталиев: баш-отум менен IT тармагына кирип, “Процессор.кж” компаниясын ачып ошол жакта ишимди улантып келе жатам. Компаниямды бир калыпка салып коюп анан жеке жашоомо көңүл бурам.

 

— Азыр медицина өнүккөн заман эмеспи. Бутуңузга кайра операция жасатып балдаксыз басып кетүүгө болот бекен?

— Ооба. Бирок азыр ага мен моралдык жактан даяр эмесмин. Ал үчүн ооруканага жатып, операция жасатыш керек. Ага канча деген убакыт кетет. Чынын айтсам, оорукана менен дарыгерди көргүм келген жок. Сабырбек Жумабековго кайрылып көрсөм, операциядан кийин балдаксыз басып, ал тургай велосипед тепкенге болот деп айткан. Анын үстүнө азыр иштетип жаткан компанияны кеңейтип, бутуна тургузуп, бир калыпка салып коюп, анан тынчыраак дарылансам деп ойлоп жүрөм.— Унаа айдай аласызбы?

— Ооба, азыр унаа менен жүрөм.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Эң биринчи максатым — олуттуу атаандаш катары рынокко кирүү, ушул багытта окууну бүтүрүп, бирок жумуш таппай жүргөн 25ке чукул баланы иш менен камсыз кылуу. Экинчиден, сапат жагынан эл аралык деңгээлге чыксам дейм.

Таалайгүл Усенбаева
https://sptnkne.ws/kk66

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*