Кыргызстанда КР Юстиция министрлигинин укуктук жардам берүү декадасы аяктады

КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды координациялоо борбору тарабынан өткөрүлүүчү калкка укуктук жардам берүү декадасы ушул жылдын 3-10-декабрында болуп өттү.

 

Декаданы өткөрүү мезгилинде 4622 адам акысыз консультациялык-укуктук жардам алышты.

 

Жарандардан негизинен төмөнкү  укуктук маселелер боюнча кайрылуулар келип түштү:

  • үй-бүлөлүк укук маселелери боюнча – 1 миң. 459;
  • кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө менчик укугу – 670;
  • эмгек укугу – 569;
  • жер маселелери боюнча – 508 ж.б.

 

Декаданын алкагында бүтүндөй өлкө боюнча акысыз юридикалык жардамды (АЮЖ) аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы АЮЖны көрсөтүү боюнча борборлордон 1291 адам, мамлекеттик нотариалдык конторалардан – 780 адам жардам алышты. Андан тышкары, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүү (МКЮЖ) боюнча координаторлор 366 жаранга жардам көрсөтүштү, МКЮЖдун реестрине кирген адвокаттар 344 жаранга, укуктук жардам берүү жана юридикалык клиника боюнча өзүнчө коммерциялык эмес уюмдар 32 жаранга жардам көрсөтүштү.

 

Ошондой эле 6000ден ашык таратуучу материалдар чыгарылды, 18 жогорку окуу жайында (ЖОЖ) лекциялар уюштурулду, анда 1223 студент адам укуктарын коргоо жана АЮЖны көрсөтүү темасындагы лекцияларды угушту.

 

Укуктук жардам берүү декадасын өткөрүүнүн негизги максаты – калктын аялуу топторунун укуктук корголуу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү.

 

Декада ПРООНдун жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жетүүгө” долбоору, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы, GIZ ишке ашырып жаткан Европа Бирлигинин “КРде укуктун үстөмдүүлүгү – 2-фаза” программасы жана “Кыргызстан-Сорос” Фонду  менен өнөктөштүктө уюштурулду.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*