Укук маданиятын жайылтуу (Жаңылыктар, ЭЛТР, 11.12.2017)

 

Калк арасындагы укуктук сабаттуулукту жогорулатуу Юстиция Министрлигинин бирден бир максаты. Маселе айрыкча айыл жерлеринде катаал.

Укук жана сот адилетүүлүгүнө мүмкүнчүлүктү кеңейтүү максатында БУУнун өнүктүрүү программасынын ролу чоң. Уйум Юстиция Министрлиги менен бирге иш алып барып, натыйжада өлкөдө 11 акысыз юридикалык кеңеш берүү борбору ачылган.

Укук боюнча маалыматты жайылтууда жактоочулар, студенттер, ЖМК өкүлдөрүнө карата сынак да жарыялаган.

Бул жаатта ЭЛТР каналынын кабарчысы Салабат Эркетаева даярдаган материал алдынкылардын катарын толуктады.

Өз укугун билген инсан өзүнө гана эмес бүтүндөй коомго пайда алып келери анык.

Айпери Самат кызы, Салабат Эркетаева, Чыгыз Токторбек уулу, ЭЛТР – Бишкек

13.12.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*