Тагдыр: Үч майып уулун баккан сузактык Гүлмира манеж, майыптык арабага муктаж (фото, видео)

 

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Гүлмира Жолчуева тубаса майып болуп төрөлгөн үч баласын багып жатат. Аймактык кабарчы бул үй-бүлөдөн кабар алды.

Г.Жолчуеванын айтымында, үч уулунун экөө учурда жаш баладай кароого муктаж, кыштын күндөрү көп оорушкандыктан балдарга памперс түтпөйт. Ал «психоневрологиялык диспансерге балдарыңды тапшыр» деген сунуштардан баш тартып, майып балдарын өзү багып жатканын жана жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөгөнүн айтат.

Гүлмира Жолчуева жолдошу экөөнүн турмуш куруп, бирге түтүн булатканына 20 жылдан ашты. Ал ортодо түгөйлөр 4 балалуу болушкан. Алардын тун наристеси чарчап калса, кийинки үч уулу тубаса майып болуп төрөлүшкөн. Бул абал энени түйшүккө түртсө дагы ал балдары үчүн бардык кыйынчылыкка кайыл болуп жашап келет. Экинчи болуп төрөлгөн 18 жаштагы Расул өзүнөн кийинки бир туугандарына каралашып жардам берет. Үчүнчү уулу Сыймык 15, кичүү уулу Кутман 7 жашта. Экөө тең бир жаштан өткөнгө чейин башка балдардай эле торолгон. Андан кийин дене табы көтөрүлүп, тарамыштары тартылып (судороги), чоңойбой калышкан.

«Эки уулумда тең кош бойлуу кезимде дарыгерлерге кайрылганымда баланын өсүүсү жакшы деп айтышты. Экөөнү тең 3 килограммдан ашык салмакта төрөдүм. Бир жаштан өткүчө жакшы чоңоюп, андан кийин катуу оорушуп, ушундай болуп калышты. Сыймык 1 жаштан өткөндө дене табы көтөрүлүп, денеси тырышып баштаганда дароо Сузак аймактык ооруканасына алып барсак, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Ооруканага жаткандан кийин уулубузга шал оорусу деген диагноз коюшту. Бара-бара уулум өспөй да калды. Кийинки уулум Кутман дагы ушундай болду. Балдар көп оорушат. Жарык дүйнөгө алып келгенден кийин балдарыма чыдашым керек. Кудайдын бизге берген сыноосу, бул сыноодон өтүшүбүз керек деп алымдын, күчүмдүн келишинде багып келем», – дейт Гүлмира Жолчуева.

Балдарынын түйшүгүнө кайыл болгон эне аларды кароодон кыйналбайт. Аны балдарына керектүү болгон манеждин, аларга ылайыкташкан майып арабанын, күнүмдүк жашоосуна керектүү болгон буюмдардын жоктугу түйшүккө салат. Анткени күндүз эки уулун тең манежге салып алып, үй жумуштарын бүтүрүп алуунун аракетин көрөт. Уулдарына пайдаланып келген манежди 1998-жылы сатып алышкан, анын да эскилиги жетип, четинен жыгачтары сынып жатат. Жаңылоого каражат жетпейт жана базарда мындай чоң манеж табылбай жатканын айтат.

«Кир жуучу машинам бар эле, аны тынбай иштетип жатып бузулуп калды. Балдарымды өзүңөр көрүп турган манежге көп салам. Бул манеждин эскилиги жетип калды. Ушундайдын чоңунан алалы десек базарда жок экен. Өзгөчө жазында балдарды сыртка алып чыгууда кыйынчылык болот. Күздө оорулары козголуп баштайт, кыш учурунда күчөйт. Суук болгондо көп оорушат. 1 күндө 2-3 жолу оорусу кармайт. Кыштын күндөрү памперс да түтпөйт», – дейт ал.

Анын кыйналганын, бир учурда эки баласын тең көтөрүп, багып жүргөнүн көргөн айрым санаалаштары «балдарыңды психоневрологиялык балдар үйүнө тапшыр» деген сунуштарды айтышкан. Бирок ал балдарын берүүдөн баш тарткан жана уулдарын өзү багууну каалайт. Ал үйүнөн эң узак дегенде 2-3 саатка гана алысташы мүмкүн, ошол тапта чоң уулу, жолдошу балдарды карап турушат. Бирок эне балдарына бат эле жетип келет.

Үч майып баланын түйшүгүн тарткан эне өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлбөгөнүн айтат. Ага материалдык колдоолор деле болбойт. Болгону үч баласынын ар бирине 3 миң сомдон социалдык пенсия гана берилет, мамлекеттен андан башка колдоо жок. Ал каражат дары-дармегинен, тамак-аштарынан ашпайт. Бул үй-бүлөнүн тагдырын билип, уккан кайрымдуу адамдардан мындан эки жыл мурда колдоо болгон. Катарынан төрөлгөн уулдарынын абалынан кийин Гүлмира кайрадан көз жаруудан да коркуп, балдарынын катарын көбөйткүсү келген эмес. Үйдөгү жана сырттагы жумуштарды жасоого 18 жаштагы уулу Расул жардам берет. Бул уулунун билимдүү болуусун каалаган апа баласы мектепке үйрөнгүчө кошо сабакка катышып жүргөн. Мектепти 11-класска чейин окуган. Азыр үй жумуштары менен алек болуп, ата-энесине жардам берип жүрөт.

Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0778482051 (Зайыр – Гүлмиранын жолдошу) номуру аркылуу байланышса болот.

Turmush 

13.12.2017

http://www.turmush.kg/news:336786

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*