Үйлүү болгон жарандардын бири өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, өзүнүн чыгармалар жыйнагын белек кылды
Ош шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигининин иш-чарага катышкан жергиликтүү кабарчысы билдирди.
“Жаңы курулган үй “Анар” кичирайонунда жайгашкан, 66 батирлүү”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ачкыч тапшыруу аземине вице-премьер Дайыр Кенекеев, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев катышып, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерге колдоо көрсөтүү маанилүү экени айтылды.
Азем учурунда үйлүү болгон жарандардын бири ыраазычылык билдирип, өкмөт мүчөлөрүнө өзүнүн чыгармалар жыйнагын тапшырды.
БИШКЕК — Sputnik
12-дек. 2017
https://sputnik.kg/society/20171212/1036784443/oshto-majyptarga-tarak-zhaj-berildi.html
Leave a Reply