Жумушсуздук кылмыш иштерин көбөйтүүдө (Адвокаттын блогу)

Айнура Ибраимжанова

Юстиция министрлигинин алдындагы, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

aynura-ibraimzhanova-foto

Акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты катары тергөөчү мага шектүү адамды кармагандыгы боюнча чалып калды. Тергөөгө барсам жашы 19-жаштагы Темир олтуруптур, аны менен тийиштүү документтерди түзүп, кылмыш ишине катыштым.

Темир кошунасынын уюлдук телефонун уурдаганы үчүн ага кылмыш иши козголгон. Эмне себептен кылмышка баргандыгын сурасам – “Атам жок, апам майып, өзүм да мектепти бүткөн эмесмин, эч жерде иштебейм. Азыркы күндө мен курактуу балдардын баарынын уюлдук телефону бар, менде гана жок. Ошондуктан мен да уюлдук телефонду пайдаланып көрөйүн деп, кошунамдын үйүнө кирип терезеде турган телефонду уурдап алдым. Кылмышты жаштык кылып жасадым, жардам бере турган эч ким жок” – деп бирде ыйлап, бирде сүйлөп сурак берди.

Адвокат катары жардам берип, кылмыш иши сотко өткөндө Темирдин турмуш-шартын, жаштыгын ойлоп жабырлануучу менен сүйлөшүп андан тосмо кат алып, сотко өтүнүч арызын жаздырдык. Сотто Темирдин кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Эки күндөн кийин Темир апасы Караматты ээрчитип алып Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборуна келишип, ыраазычылыктарын билдирип, экинчи уурулук кылбаймын деп катуу убадасын берип кетти.

Бир топ жылдан бери адвокат болуп иштегендиктен райондо уурулук жана мал уурулук боюнча кылмыш иштерге көп катышууга туура келди. Акыркы жылдары уюлдук телефон уурдаган фактылар көбөйдү. Кылмышка көбүнчө эч жерде иштебеген, турмуш-шарты оор абалда жашагандар кириптер болушат. Ошондуктан айыл жеринде жумуш орундары көбөйсө, укуктук маданиятты жогорулатсак кылмыш ишке баргандардык саны кескин азаймак. Ошол эле учурда уурулук кылды деп адамды соттоп, тагдырын бир отоло талкалоо дагы туура эмес. Эскертүү берип, экинчи кайталанбай тургандай кылуу жолдорун дагы колдонуу зарыл.

06.12.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*