Кредит алаардан мурун кеңеш ал (Адвокаттын блогу)

A man caught in a mouse trap made out of a credit card. Created to illustrate predatory lending and credit dangers.

Айнура Ибраимжанова

Юстиция министрлигинин алдындагы, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

aynura-ibraimzhanova-foto

Күндөгүдөй эле жумушта олтурсам эки кызын эки колуна көтөрүп бир келин келип калды. Мен  андан кандай маселе менен келдиң деп сураганда эле өзүн  Жамила деп тааныштырып, токтоно албай ыйлап,  болгон бугун чыгарып айтып кирди.

Жамила биринчи күйөөсү ала качып кеткендиктен айласыздан жашап калып, андан улуу кызын төрөгөн экен, күйөөсү көп ичкендиктен ажырашууга туура келиптир. Экинчи жолу Кыял аттуу бала жактырып калып, “экөөбүз базарга чыгабыз, сен ата-энеңди кредит алдыргын, жаңы турмуш баштайбыз” дегендиктен анын бал тилине кирип  чоң суммадагы кредитти ата-энесинин турак-жайын күрөөгө коюп алдырган. Акчанын баарын Кыялга берип, өзү базарга чыгып, соода сатык жасап жүргөн экен. Акча колго тийгенден  кийин күйөөсүнүн кыялы өзгөрүп үйгө түнөбөй калган. Үйгө келген күнү мен жумуш бүтүрүп жүрөм деп ар кандай шылтоолорду айтып, Жамиланы кордоп, кол көтөрө баштаган. Акырында кош бойлуу аялын ара жолго таштап, акчадан бир сом бербей,  мен башка аялга үйлөнүп алдым деп жообун берген.

Жамиланын ата-энеси  кызым менен күйөө балам кредитти өзү төлөйт деп ишенип жүрүп, акыры күч келгенде болгон мал-мүлкүн сатып тууган-уруктарынан карыз алып, турак-жайын араң дегенде кредиттен чыгарып калыптыр. Жамила ыйлап көпкө  чейин токтоно албай колундагы кичинекей наристесин көрсөтүп “Кыялдын кызы туулгандыгы тууралу күбөлүгүн кантип алам, алиментти кантип төлөтөм,  эмне кылам” –  деп аянычтуу тагдырын айтты.

Жамилага  кеңеш берип, аны менен бирге документтерди топтоп, сотко арыз жазып, соттун чечими менен төрөлгөн кызга Жамила күбөлүк алып, алиментти да  өндүрдүк. Бирок ата-энеси алып берген кредитин өздөрү төлөгөнгө туура келди, анткени кредит келишимин өздөрү түзүшкөн.

Акыркы жылдары  көпчүлүк элдин,  коомчулуктун арасындагы бирден бир көйгөй кредит болуп калды. Анткени айыл жеринде юридикалык сабаттын жоктугунан  кредит боюнча келишими анын шарттары, жоопкерчилиги тууралуу ойлонуп, ага маани беришпейт. Болгон мүлкүн күрөөгө коюп бекер акча бергендей башка адамга кредит алып бергендер бир топ эле. Ошондуктан  коомчулукка, карапайым элге кредит жөнүндө түшүндүрүү механизимин ойлоп табуу керек.

06.12.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*