Күкүк энелер көбөйдү (Адвокаттын блогу)

Айнура Ибраимжанова

Юстиция министрлигинин алдындагы, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

aynura-ibraimzhanova-foto

Бирде дем алыш күнү үч баласын жетелеп бир эркек адам үйгө келиптир – “Сиз адвокат экенсиз мен алыскы айылдан араң жол кире таап келдим, жардам керек”- деп  суранып калды. Аны ээрчитип жумушка келдик, ал окуясын айтып бере баштады.

Ал өзүн Мурат деп тааныштырды. Ээрчитип алган улуу кызы жана уулу мектепке барат, кичине кызы үч жашта экен, -“Мен 2001-жылы  Толгонайга үйлөнүп, экөөбүз үч балалуу болгонбуз. Кичине кызым тогуз айында мен үйдө жок мезгилде аялым апам менен урушуп уч баламды тең багып жаткыла деп таштап кетип калыптыр. Балдарына кайра келсе керек деп бир ай күттүк, Келген жок. Акыры артынан барсам шаарга жумушка кетти дешти. Балдарымды ээрчитип алып издеп барып таптым. Ош шаарында  мөмө-жемиш сатып иштеп жатыптыр, балдарга көңүл да бурган жок. Сенин балдарың, баккын, мен айылга барбаймын деп такыр болбой койду. Акыры айласыздан балдар менен үйгө келдим. Арада апам да каза болуп калды. Батага да келген жок. Ыйлап сыктап өзүм жалгыз үч баланын кирин жууп, тамак ашын кылып үйдө эне, эшикте ата болдум. Эми билсем аялым Бишкек шаарына кетип эрге тийип алыптыр”.

Муратка жардам бере тургандыгымды айтып, тийиштүү документтерди алып келүүсүн түшүндүрдүм. Документтердин баарын алып келди. Алай райондук сотуна арыз жазып, аялынан алимент өндүрүүгө соттун буйругу чыкты. Сот аткаруучулар тарабынан Толгонайды таап келгенден кийин, ал алимент төлөбөймүн деп үч баласын өзүнүн тарбиясына алуу үчүн адвокат алып сотко арыз берди. Ал эми мен башынан ишке киришкенден кийин, балдарды талашуу процесстерине да катышып, соттун чечими менен үч баласы тең атасы Муратта калтырылды.

Жакынкы жылдары балдарына мээрим токпогон күкүк энелер көбөйүп бара жатат. Бир жашка чыкпаган эмчектеги баласын таштаган энеден эмнени күтсө болот. Баарыбыз бала деп жашайбыз,балдар биздин эртенки келечегибиз.

06.12.2017

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*