Алайдагы укуктук борбор жигердүү иш алып барууда (Адвокаттын блогу)

Лилия Исакова,

 Юстиция министрлинин алдындагы, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борбору

Районубуздун борборундагы мамлекеттик нотариалдык конторанын имаратында жайгашкан акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылганына 1 жылдын жүзү болуп олтурат. Аталган борбордо бир мамалекеттик натариус, бир адвокат жана юрист-волонтер калкка юридикалык консультация берип келишет. Ошондой эле укуктук борбордун кызматкерлери акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү жаңы механизмин киргизишкен. Адвокаттын, юрист-волентордун жана мамлекеттик нотариустун акысыз юридикалык жардам берүүдөгү практикалык иштери, интернет, электрондук почта, WhatsApp аркылуу кеңеш беришет. Бул жаңы механизмдер калктын аяр катмары болгон майыптар, алыскы тоолу айылдарда жашагандар, көп балалуу үй-бүлөөлөр, колунда жоктор үчүн акысыз юридикалык кеңеш алууда бир топ женилдиктерди жаратты.

WhatsApp аркылуу борборго күнүнө жок эле дегенде 3 адам суроосу менен кайрылып, азыркы күндө 25 күндүн ичинде 50 гө жакын адам өзүнүн көйгөйлөрү менен кайрылып, тиешелүү жоопторду алып жатышат.

Алай районундагы борбор 2016-жылдын 24-ноябрында ачылган. Ушул жылдын 9 айында 500дөн ашык жаран акысыз ар кандай юридикалык жардамдарды алышкан. Анын ичинен нотариалдык маселелер боюнча 161, адвокатура боюнча 301 жана документтештирүү боюнча 81 кайрылуу болуп, жарандардын суроолору канаттандырылган.

Укуктук борборубуздан акысыз консультация алгандардын саны жүздөп саналат. Алардын көпчүлүгү кеңеш алуу менен тим болбостон, адвокаттардын кызматтарын сотто, же болбосо мамалекеттик ишканаларда, укук коргоо органдарында  пайдаланып келишет. Ошондой эле берилген кеңештин жана жазылып берилген арыз, доо арыздардын негизинде көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр чечилип келе жатат. Борборубуз ачылганына 1 жылдын жүзү болсода Алай элинин көптөгөн көйгөйлөрүн чечип, элдин алкышына татып, жигердүү иштеп жаткан учуру.

06.12.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*