Ош шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борбору бир нече жылдан бери жигердүү иш алып барып келет.
Борбор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген жалпысынан 70 мүмкүнчүлүгү чектелген балага ылайыкташкан. Аталган жайда ортопедиялык, неврологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга медициналык-реабилитациялоо жумушунан сырткары, социалдык жана педагогикалык жардамдар көрсөтүлөт.
Мындан сырткары мекеме мамлекеттик казынадан гана каржыланбастан, коомдук фонддор, чет элдик уюмдар менен иштешип келет.
26.10.2017
http://oshpirim.kg/2017/10/26/%D0%BC%D2%AF%D0%BC%D0%BA%D2%AF%D0%BD%D1%87%D2%AF%D0%BB%D2%AF%D0%B3%D2%AF-%D1%87%D0%B5%D0%BA%D1%82%D0%B5%D0%BB%D0%B3%D0%B5%D0%BD-%D0%B1%D0%B0%D0%BB%D0%B4%D0%B0%D1%80%D0%B4%D1%8B-%D1%80%D0%B5%D0%B0/
Leave a Reply