Укугун билбеген элди зомбулук тушайт

Балдарга, аялдарга карата зомбулук азайдыбы? Билим алууга укугубуз кайсы жерде чектелүүдө?

Жумуш берүүчүлөр эмгекке болгон укуктарды эмне үчүн бузат? Элдин укуктук сабаттуулугун жоюу үчүн кандай саясат, кандай аракеттер жасалышы керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна юридика илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбай Карынов, “Таза табигат” коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Дауталиева жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Камалдин Жапаров катышты.

“Азаттык”: Камалдин мырза, кыйноолор ички иштер органдарында, жаза аткаруу мекемелеринде жана армияда болору белгилүү. Мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар буга карата аракеттерди жасап жатканы айтылат, кыйноого кабылгандардын саны төмөндөдү десек болобу?

Камалдин Жапаров: Биздин талдоолорго таянсак, 2012-жылдан бери кыйноолор жана зомбулук боюнча бир топ иштер жүрдү. Бир топ документтер кабыл алынды, кыйноолорго каршы күрөшө турган прокуратурада атайын бөлүм ачылды. Ушул жана башка аракеттерден улам кыйноолордун саны кескин азайбаса да бир аз кыскарды. 2008-жылга салыштырганда кыйноолор боюнча кылмыш иштеринин саны аз.

Кыйноолордун 85 пайызы Ички иштер министрлигине тиешелүү болууда, аларда кыйноо кылмыштын бетин ачуу үчүн колдонулат. Алардын арасында балдарга жана аялдарга карата колдонулган учурлар да бар.

“Азаттык”: Анара айым, сиз билим алууга болгон укугубузду талашып келесиз. Мурдагы жылдарга салыштырганда азыркы учурда мектеп администрациясы, ата-эне жана балдардын ортосундагы укуктук маселелерде түшүнүүчүлүк барбы?

Мындан бир топ жыл илгери мектепте акча чогултуунун суммасы 5-10 миң сом болсо, азыр 20-30 миңге чыкты. Министрлик акча чогултууга тыюу салды, аны ким угуп, ким аткарып жатат?
Анара Дауталиева

Анара Дауталиева: 2009-жылы Жогорку Кеңеште балдардын укугу боюнча комиссия түзүлүп, бул маселеге мамлекет көңүл бургандай болгон. Андан бери өзгөрүү жок.

Тескерисинче, балдардын укугу бузулган фактылар көбөйдү деп айта алам. Мага сентябрдан май айына чейин күн сайын ата-энелер чалат. “Мектепке баламды киргизүүгө акча сурап жатат, каттооң жок деп киргизбей койду” деген өңдүү суроолорду беришет. Мындан бир топ жыл илгери мектепте акча чогултуунун суммасы 5-10 миң сом болсо, азыр 20-30 миңге чыкты. Министрлик акча чогултууга тыюу салды, аны ким угуп, ким аткарып жатат? Мындай көрүнүш Бишкек, Ош шаарларында өзгөчө орун алган.

Билим берүү боюнча мыйзамдар аткарылбай жатат. Балдардын укугун коргойбуз деп Кыргызстан БУУнун документтерине да кол койгон, тааныган. Тилекке каршы, баары кагаз жүзүндө эле калды.

“Азаттык”: Чолпонбай мырза, сиз илимпоз-юрист катары Кыргызстандагы адам укуктарынын ичинен эмгекке болгон укуктар менен алектенип жүрөсүз. Көпчүлүк иш берүүчүлөр жумушсуздар менен келишим түзбөй эле иштеше берүүнү туура көрөт деп калышат, анын башкы себеби эмнеде? Эмне үчүн алар мыйзамдуу жолдон качат, буга жумушчулардын укуктук сабатынын төмөндүгү себеп болуудабы же башка да жүйөсү барбы?

Мамлекеттикпи же жеке менчик ишкана болобу, жумушчу-кызматкер менен эмгек келишимин түзгөндөн качышат.
Чолпонбай Карынов

Чолпонбай Карынов: Өлкөдөгү ар бир жарандын укугу сакталат деп Конституцияда милдеттенме алганбыз. Андай укуктардын эң негизгиси – эмгекке болгон укук. Бирок азыркы күндө эмгек мамилелеринин сакталышы бир багытка түшкөн жок, мурдагы жылдарга салыштырганда өзгөрүү болбоду.

Жумуш берүүчүлөрдүн негизги максаты – пайда көрүү. Жумушчу болсо эптеп акча таап кара жанын, үй-бүлөсүн багууну көздөйт. Бул жерде капитал менен эмгектин карама-каршылыгы жүрүүдө. Азыркы учурда эмгек келишимдери бузулуп, сотко арыздангандардын саны азайган жок. Эмгек укугу бузулуп сотко кайрылууга мажбур болушууда. Соттордо айлап-жылдап иштер каралбай создугуп, убара болгондор мындан көп. Мындай көйгөйдөн укугу корголбой эле кордолуп жаткан көргөн элдин сотторго ишеними азайды.

Эмгек мамилелерин жөнгө сала турган Эмгек кодекси баштаган бир топ мыйзамдар бар, бирок алардын аткарылышы чоң суроону жаратат. Мамлекеттикпи же жеке менчик ишкана болобу, жумушчу-кызматкер менен эмгек келишимин түзгөндөн качышат.

Азыркы абактардын акыркысы 50-60 жыл мурда салынган, ал жерлердеги абал, шарт бүгүнкү талапка жооп бербейт.
Камалдин Жапаров

Камалдин Жапаров: Кыйноо, зордук-зомбулуктун да ар кандай түрлөрү бар. Адамды абак жайында кармоонун өзү кыйноо. Азыркы абактардын акыркысы 50-60 жыл мурда салынган, ал жерлердеги абал, шарт бүгүнкү талапка жооп бербейт.

Убактылуу кармоочу жайларда канчалаган адамдар айлап, жылдап жатышат. Мунун өзү кыйноо, мунун өзү адамгерчиликке жатпаган мамиле болууда.

Баткен, Талас облустарында ушул күнгө чейин тергөө изолятору жок. 2007-жылы чоң абройлуу комиссия Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга адамдарды кармоого болбойт деген тыянак берген, тилекке каршы азыркыга чейин иштеп жатат. Биздин борбор Жогорку Кеңешке, өкмөткө канча жолу кат жаздык, натыйжа жок…

(Талкуунун толук вариатын ушул жерден угуңуз)
25-октябрь, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_rights_violence/28813285.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*