Алайдагы юридикалык борбор оорукчан баланы камактан чыгарып, окуучуларга күбөлүк алып берди (видео)

 

Алай районунда акысыз укук коргоочу юридикалык борбор ачылып, элеттиктердин көйгөйлөрү чечиле баштады. Бул борбордун чоң жардамы тийип жатат, дешет алайлыктар.

Сопу-Коргон айылынын тургуну Катя Осмонованын оорукчан уулу уюлдук телефон уурдады деген жалган жалаа менен 1 ай абакта отуруп чыккан. Сүйүнгөн эне аталган борбордогу жактоочулардын жардамында уулу акталып чыкканын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Менин экинчи уулум Жолборс Тилек уулу агасынын досунун уюлдук телефонун соодалашыптыр. 3 миң 500 сомдук телефонду сүйлөшүп жатып, 2 миң сомго баалап алып бердим. Бирок акчасын төлөгөнүбүзгө карабай алар Алай райондук милиция бөлүмүнө “телефонумду уурдап алды” деп арыз жазышкан. Балам нерв оорусу менен жабыркайт жана боорунда курт бар болгондуктан операция жасатууга шартыбыз жок отурам. Ошол баламды милиция кызматкерлери 1 ай камап коюшту. Мен күнөөсүз камалган баламды түрмөдөн чыгаруу үчүн акысыз укук коргоочу юридикалык борборго кайрылдым. Ага чейин баламдын иши сотко өтүп, жактоочулардын жардамы менен акталып чыкты», – деди ал.

Окуя ушул жылдын май айында болгон.

 

Turmush 

31.10.2017

http://osh.turmush.kg/news:334278

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*