Жаш болсом да укугумду билишим керек!!!

zhash-bolsom-da-ukugumdu-bilishim-kerek

zhash-bolsom-da-ukugumdu-bilishim-kerek-5zhash-bolsom-da-ukugumdu-bilishim-kerek-4zhash-bolsom-da-ukugumdu-bilishim-kerek-6zhash-bolsom-da-ukugumdu-bilishim-kerek-3zhash-bolsom-da-ukugumdu-bilishim-kerek-2

Шарабидин Таиров, БУУӨПтүн “КРде сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кенейтүү” долбоорунун Ош облусу боюнча адиси. 

Айыл жериндеги жаштар, өзгөчө жогорку класстардын мектеп окуучулары өз укуктарын коргоону көп эле биле беришпейт. Көпчүлүк учурда алар үчүн юридикалык кеп-кеңеш алуу көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин дайыма эле айылдан таба албайсын, Жакында эле Талант менен Айдар жайкы каникулда Шарапат эженин короосунда оозеки келишим менен короо-жайын иретке келтирип беришти. Тилеке каршы, Талант иш учурунда бутун оорутуп алгандыктан, короо-жайды иретке келтирүү жумушу узака созулуп кетти. Иш буткөндөн кийин Шарапат эже Талант менен Айдардын эмгек акысын берүүдөн баш тартты. Негизги себеп, оозеки макулдашылган жумуш өз убагында буткөн эмес. Өз укуктарын коргоону билбегендиктен Талант менен Айдар эч кимге деле кайрылышкан жок. Районго баруу кошумча убакытты, транспорттук чыгымды жана кызмат акысын талап кылгандыктан эмгек акыларын алуудан баш тартышты. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү пассивдүү болгондуктан аларга кайрылууну эстерине деле алган жок. Укуктук аң-сезимди көтөрүүгө байланыштуу ушуга окшогон мисалдар айыл жеринде көп эле кездешет. Бирок эч ким деле бул көрүнүшкө маани беришпейт.

Ушундай көйгөйлөрдү чечүү үчүн Ноокат районундагы Кулатов жана Кенеш айыл аймактарындагы Айбашев жана Нышанов атындагы орто мектептердин 9-10 класстарынын окуучулары үчүн «Өз укугуңду бил» темасында маалымат-билим берүү тренинги өткөзүлдү. Окуу БУУӨПтүн “КРде сот адилетигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулуп, анын негизги максаты болуп балдардын, мугалимдердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн укук коргоо механизмдери боюнча билимдерин жогорулатуу болду. Тренингдин активдүү 14 катышуучусу кызыктуу адабияттар менен сыйланышты.

Катышуучулар кокусунан мектептин айнегин сындырып койгон баланын укугун коргоо боюнча сценарий даярдашып, актерлордун ролдорун өздөрү аткарып беришти. Аткаруучулар укук коргоо системасында иштеген мамлекеттик структуралардын – участкалык милициянын, соттун, социалдык педагогдун, ата-эненин милдеттериндеги оң жана терс сапаттарын көрсөтүүгө аракет кылышты. Натыйжада алар социалдык педагог, классташтар жана ата-эненин биргелешкен аракети аркылуу өспүрүмдүн укугун биргеликте коргоо боюнча стратегияны түзө алышты. Катышуучулар көрсөтүлгөн сценарийлер боюнча тренингдин жюрилери болгон аксакалдар соту, айыл өкмөтүнүн юристи, участкалык милиционер, областтык юстиция башкармалыгынын юристинен эксперттик юридикалык кеңештерди алышты.

Нурманова Чынара, Айбашев атындагы орто мектептин социалдык педагогу: «Мындай окутуулар айыл жашоочуларынын, окуучулардын укуктук аң-сезимин жогорулатууда жакшы жыйынтыктарды берип жатат. Мен дагы ушундай ыкмаларды өз сабактарымда колдоном, окуучулар үчүн өтө кызыктуу, жаңы маалымат жугумдуу болот”.

Катышуучулар, укуктарын коргоо менен бирге милдеттери тууралуу дагы маалымат алып, укукту коргоонун маанисин, укукту билбестиктин кесепетин терең кабыл алышты.

15.10.2017

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*