Ажырашууну кантип азайтуу керек? (Адвокаттын блогу)

Нурмамат уулу Мухамед, Алай райондук “Акысыз юридикалык жардам борборунун” волонтер адвокаты

nurmamam-uulu-muhammed-1-300x291

 

Жаңыдан куралган үй-бүлө азыркы учурда, аз убакыттын ичинде өзүнүн экономикасын, туруктуулугун
түптөй албай бузулуп калып жатат.

Буга негизги факторлор болгон жубайлардын
жаш курагы , үй-бүлө курууга даяр эместиги, экономикалык абалы, кыргыз элинин каада салты, сырткы миграция, ала
качуу жана элибиздин үй-бүлөгө болгон
жеңил көз карашы сыяктуу факторлор таасир этип жатат

 

Илгери ата-бабаларыбыздын мезгилинде элдин үй-бүлөгө болгон көз карашы, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бийик кармашы, кандай кыйын кырдаал болбосун сактап калууга болгон аракетин жасашчу.

Бирок азыркы мезгилдеги элибизде үй-бүлөнү сактап калуунун ордуна, ажырашууну көнүмүш адатка айландырып, илгертен сактап келген үй-бүлөнүн баалуулуктары, жазылбаган мыйзамдары
тебеленип жатпайбы. Ал эле эмес үй-бүлөнүн бузулушу менен чектелип калбай, мамлекетке, балдардын тарбиясына, ден-соолугуна, келечегине терс таасир тийгизип жатат. Канчалаган балдар ата-эненин тарбиясын албай, тирүүлөй жетим болуп калып жатышат.

Жакында Алай райондук Акысыз укуктук борборго Алай районунун тургуну Шамшиев Эржан (аты өзгөртүлүп берилди) аттуу жаран кайрылган, анын айтуусунда биринчи жубайы менен жашап жүрүп бир уулду болгон учурда тушүнбөстүктөн улам ажырашып кетишкен. Ажырашкан убакта баласы аялы менен кеткен. Кийин Эржан уулунан кабар алып турган. Бирок ал үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүн болбогондуктан, башкага үйлөнүп,  андан бир уулду болгон.

Көп өтпөй биринчи жубайы да турмушка чыгып, баласын жалгыз бой энесине таштап кеткен. Эржан баласынан кабар алуу үчүн келген учурда, карыган таенеси  баланы коляскага салып коюп өзү ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштеп жатканы, баласын кароосуз калганын көрөт. Бул иш боюнча ал Акысыз укуктук борборго кайрылган. Укуктук борбор тарабынан үй-бүлө балдарды колдоо бөлүмүнө баласынын жашоо шартын текшерүү боюнча арыз жазылып берилип, арыздын негизинде алынган акты менен сотко баланы өз камкордугуна алуу боюнча арыз жазылып берилген. Бирок сот отурумун териштирүү учурунда баланы турмушка чыгып кеткен өз энеси кайра алгандыктан, арыз кароосуз калтырылган.  Учурда бала өгөй атасынын үйүндө, анын балдары менен чогу жашап жатат.

Баланын укугу бузулган мындай учурлар, биздин өлкөдө ондоп эмес миңдеп саналат. Укуктук борборго айына 45 адам кайрылса алардын ичинен 25 адам ажырашуунун натыйжасында келип чыккан укуктук маселелер менен кайрылышат.  Аларга биринчи кезекте үй-бүлөнү сактап калуу керек экендигин түшүндүрүп, андан кийин гана укуктук жардам берип келебиз. Бирок борбордун мындай аракеттери ажырашуунун алдын ала албайт, себеби маселе жетээр жерине жетип, үй-бүлөнү сактоого ниеттери да калбай калган учурда келишет. Ошондуктан  бала-бакча, мектептин окуучуларына , жаңы үй-бүлө куруп келе жаткан,  үй-бүлө куруу алдында турган жарандарыбызга үй-бүлө эмне экенин, анын баалуулуктарын, бала алдындагы ата-эненин жоопкерчиликтерин үйрөтүп, үй-бүлө курууга даярдашыбыз керек. Ошондо кичинекей үй-бүлөлөрдөн куралган мамлекетибиз да өсүп өнүгөт.

14.10.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*