Шайлоодо Кыргызстанда биринчи жолу ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан көз каранды эмес байкоочулар катышты

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жарандык коом жана эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун турмушка ашырууну өркүндөтүү боюнча  иштерди аткарышты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Бул иштин алкагында курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, эл аралык уюмдардын, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тармагында иштеген жарандык коомдун өкүлдөрү кирген Жумушчу топ түзүлгөн.

Биринчи жыйында Жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын этаптары иштелип чыккан.

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомунан байкоочулар КР БШКнын бул демилгесин жогору баалашты.  Тилекке каршы, ушул тапта бардык шайлоо участкаларында  майып жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес, ошого карабастан КР БШК бул багытта иштерди уланта бермекчи.

КР БШКнын Жумушчу тобу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды шайлоо процессине тартуу максатында “Кошунаңды ээрчите кел” деген акцияны уюштурган. Анын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо участкаларына барып, добуш берүүсүнө башка жарандардын жардам берүүсү  болуп саналат.

Маалыматтык кампаниянын алкагында биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүүгө катышуусу  боюнча өзүнчө плакаттар, маалыматтык роликтер даярдалган. Мурун КР БШК  тарабынан майып шайлоочулардын шайлоо бюллетендерин толтуруулары үчүн чоңойткуч лупалар, Брайл трафарети бардык шайлоо участкаларына таркатылган эле.

КР БШК мындан ары да шайлоо процессинде  майып жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү иштерин өнөктөштөр менен биргеликте уюштурууну уланта берүүнү максат кылууда.

16.10.2017

https://5news.kg/ky/articles/shayloodo-kyrgyzstanda-birinchi-zholu-den-soolugu-boyuncha-m-mk-nch-l-g-chektelgen-zharandardan-k-z-karandy-emes-baykoochular-katyshty

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*