Жолдошунан зомбулук көргөн аял 4 баласы менен Оштогу кризистик борборго качып келген

12

Аялдар зордук-зомбулукка кабылган учурлар кайталанып жатат. Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, Ош облусунда  зордук-зомбулукка кабылгандардын 90%ын аялдар түзөт.

«Биз 2002-жылдан бери иштейбиз. Андан бери 16 миңден ашуун жаран кайрылды. Акыркы убактарда сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер көп болууда. 2014-жылы 740 адам кайрылса, 2015-жылы 800дөн ашуун, 2016-жылы 970 жаран кайрылды. Зордук-зомбулукка кабылгандарга биз юридикалык жактан жардам көрсөтөбүз. Тамак-аш, утурумдук турак жай менен камсыздап беребиз», – деди ал.

Аталган борборго Кара-Кулжа районунан Наргиза аттуу айым да жолдошунун зомбулугунан улам качып келген. Ал 5-6 айдан бери кризистик борбордо дарыланып, иштеп жатат.

«Наргизанын 4 баласы бар. Кайын журту, жолдошу ага күн көрсөтпөй, жемелешиптир. Биз жолдошу менен сүйлөшүп, балдарына алимент төлөтүп бердик. Азыр Наргиза Ошто иштеп жатат», – деди Д.Асилбекова.

Turmush 

20.06.2017
http://www.turmush.kg/news:326581

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*