Ысык-Көл облусунда жалгыз бой, багар көрөрү жок, майып адамдарга 2 млн сомго материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын биринчи кварталында облустун район-шаарларында жергиликтүү бюджеттин эсебинен майыптыгы бар жарандарга, жетим-жесирлерге, багар көрөрү жок жалпы 1490 адамга 2 млн сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.
«Облус боюнча 549 жаран 672,7 миӊ сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам алышты. 87 жаранга 511,5 миӊ сом гуманитардык жардам берилди», – деп айтылат маалыматта.
Turmush
21.06.2017
http://www.turmush.kg/news:326638/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply