Фото – Бишкектиктер 18 жылдан бери унаа жууп, 3 майып адамды баккан А.Төлөйовага жер тилке алып беришти

1112

Бишкек шаарында үй-бүлөсүн 18 жыл бою унаа жууп багып келе жаткан 55 жаштагы Асыл Төлөйова жер тилкелүү болду. Борбордун тургуну Азамат Байматовдун айтымында, 55 жаштагы аялдын 90 жаштагы майып энеси, 22 жана 10 жаштардагы майып кыздары бар. Ал эми, 9 жаштагы уулунун ден соолугу жакшы.
Бул үй-бүлө 30 жылдан бери батирлерде жашап жүргөн. А.Төлөйова акыркы 18 жылдан бери кичи автобустарды жууп, үй-бүлөсүн багып келген.
«Элден чогулган акча каражатка кечээ, 12-июнда Алтын-Ордо жаңы конушунан 4 сотых жер алып бердик. Жакынкы арада аталган жерге элдин жардамы менен үй куруу пландаштырылууда. 55 жаштагы жалгыз бой эне Нарын облусунун кулуну. 30 жыл мурун Бишкек шаарына көчүп келип, жашап калган. Күйөөсү кырсыктан бир нече жыл мурда каза болуптур», – деди А.Байматов.

Turmush 

13.06.2017

http://www.turmush.kg/news:326288?from=turmush&place=nowread

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*