Лейлек районунун Исфана шаарындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун юристи болуп Абдурахим Абдухалиев дайындалды. Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал буга чейин жактоочу болуп эмгектенген.
«Эл арасында жер талаш, үй-бүлөлүк чыр-чатактар жана башка маселелер көп болуп турат. Быйыл мага жүзгө жакын жер талаш, отуздан ашуун үй-бүлөгө байланыштуу маселелер менен кайрылышкан. Алардын арасында колунда жоктору да бар. Эми борборго кайрылган жарандарга райондук, облустук жана Жогорку сотко чейин акысыз юридикалык жардамдар көрсөтүлөт», – деди ал.
Буга чейин Turmush басылмасына маалым болгондой, бүгүн, 14-июнда Лейлек районунун Исфана шаарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды.
Аталган борбордун оргтехникалары ЮСАИД эл аралык уюму тарабынан алынды. Эми бул борбор Адилет министрлиги тарабынан каржыланып, элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт.
Жакында ушундай эле борбор Кадамжай районунда да ачылат.
Turmush
14.06.2017
http://www.turmush.kg/news:326358
Leave a Reply